Menu

Ордо калааны автоунаа менен камсыз кылуу үчүн дагы 50 троллейбус сатылып алынмакчы

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети троллейбустарды сатып алуу жана коомдук транспорт менен камсыз кылуу стратегиясын иштеп чыгуу аркылуу ордо калаанын инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыялык макулдашууну жактырды. Ага ылайык, Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоор мөөнөтү узартылат.

Келишимге ылайык, азыркы учурда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча 15,6 миллион евро өлчөмүндө каржыланган Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү аяктоодо, анын ичинен насыялык каражаттар 10,1 млн еврону, гранттык каражаттар 5,5 еврону долларын түздү. Бул долбоор 2012-жылы ишке ашырыла баштаган.

Долбоордун алкагында 79 жаңы троллейбус, 5 бирдик көмөкчү техника, байланыш өткөргүчү, күч кабели, тартуучу көмөк-чордондор үчүн жабдуулар жана башка материалдар сатылып алынды. Бирок, унаа дагы эле жетишсиз. Ошондон улам, долбоорду улантуу жана кошумча 8,424 млн евро көлөмүндө каржылоо жөнүндө макулдашууга жетишилди. Анын ичинде 1,2 млн евро Ага дагы 50 троллейбус сатылып алынмакчы.

Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкийдин айтымында, келишимге ылайык, насыя 10 жылдык мөөнөткө берилет, анын алгачкы 2 жылы жеӊилдетилген мөөнөт болуп саналат. Долбоор 2017-жылдын 31-декабрында аяктайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: