Menu

Эрдоган Асаддын режимин жоюу ниетин билдирди

Бөлүшүү:

Түркиянын Куралдуу күчтөрү Сириянын аймагына өлкөнүн президенти Башар Асадды бийликтен кетирүү үчүн кирип барышкан. Бул тууралуу Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган билдиргенин Hurriyet Daily News гезити жазды.

Эрдогандын эсебинде, бир миллионго чукул адам Сириядагы согуштун курмандыктары болуп калышты. Ал балдардын, аялдардын, эркектердин өмүрү кыйылып жатканын айткан. Түрк президенти Сириянын азап чеккен калкына карата жардам берүүдө жетишээрлик чечкиндүүлүктү көрсөтө албай жаткандыгы үчүн БУУну сынга алды.

Эрдоган Асадды “тиран” деп атап, анын режими мамлекеттик террорду ишке ашырып жатканын билдирди.

Түрк армиясы Сирияга августта кирип барган. Куралдуу сириялык оппозиция менен биргеликте Сириянын түндүгүндө жайгашкан чек арадагы Жарабл шаарын ээлеген. Түрк аскерлери түштүк-батыш тарапты көздөй чабуул жасоону улантууда.

Режеп Эрдоган буга чейин “Ефрат калканы” операциясынын максаты коопсуз зона түзүү үчүн каршылаштардан 5 миң чарчы чакырым аянтты бошотуп алуу экенин билдирген. Ал жакка качкындарды жайгаштыруу планы бар. Октябрда Түркия парламенти Сирияда операция жүргүзүү үчүн куралдуу күчтөрдүн мандатын бир жылга узарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: