Menu

БУУ өкүлү: Алеппонун чыгышы «көрүстөнгө» айланышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Эгер тез аранын ичинде жай тургундарга жардам берүү боюнча чаралар көрүлбөсө Сириядагы Алеппо шаарынын чыгыш бөлүгү «өтө чоң көрүстөнгө» айланышы мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Стивен О’Брайен билдирди.

Шаршембиде ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү алдында сүйлөп жатып шаардын өкмөттүк күчтөр тарабынан курчоого алынган бөлүгүндө азык-түлүк менен медикаменттер жетишпей, аба соккуларынан улам адамдардын өлүп жаткандыгын билдирди.

Акыркы күндөрү өкмөттүк күчтөр Алеппого чабуулун күчөтүп, жыйынтыгында президент Башар Асаддын аскерлери шаардын бир катар райондорунан көтөрүлүшчүлөрдү сүрүп чыгарышты. БУУнун баамында, шаардын чыгыш бөлүгүнөн 25 миңге жакын жай тургун чыгып кеткен. Алеппонун чыгыш бөлүгүнө чабуулдар башталганга чейин андагы жай тургундардын саны 250 миң деп бааланып жаткан.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында Батыш өлкөлөрү Алепподогу операцияны токтотуу максатында Орусияны Башар Асадга таасир этип коюууга дагы чакырышты. Орусиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркин ал чакырыктарды четке какты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: