Menu

Атамбаев Өзбекстанга Камбар-Ата ГЭСин чогуу курууну сунуштады

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев Камбар-Ата ГЭСин Өзбекстан менен бирге куруу эң ыңгайлуу жол деп эсептейт. Бул тууралуу өлкө башчы кечээ маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Бул эң жакшы вариант деп айтты мамлекет башчы маалымат жыйынында. Анын сөзү боюнча, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча долбоорго кирүүгө Казакстан даяр:

-Бул долбоор Өзбекстанга да, Казакстанга да жетиштүү өлчөмдө суу берүүгө мүмкүнчүлүк бермек. Биз жакшысы – ар кандай шектенүүлөр болбошу үчүн ГЭСти Өзбекстан менен чогуу курушубуз керек.

Президент Кара-Кечеге ТЭЦ куруу да бүгүнкү күндүн иши экенин белгиледи. Анын айтуусунда, 50 жылдан кийин көмүр пайдаланууга уруксат берилбейт, тонналаган көмүрдүн пайдасы жок болуп калат.

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну Орусия колуна алган. Бирок белгиленген мөөнөттө иш башталбаганына байланыштуу келишимди Кыргызстан тарап бир жактуу бузуп, баш тарткан. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна Өзбекстан каршы чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: