Menu

Amnesty International БУУну Сириядагы согушту токтотуу чараларын көрүүгө чакырды

Бөлүшүү:

Бейшембиде Amnesty International жана 200дөн ашык башка укук коргоо уюмдары БУУнун Башкы Ассамблеясын Сириядагы согушту токтотуу боюнча чараларды көрүүгө чакырышты. Бул тууралуу ММКлар үчүн таркатылган маалыматта айтылат.

Укук коргоочулардын айтымдарында, Башкы Ассамблеянын шашылыш атайын сессиясын чакырып, Сириянын Алеппо шаарындагы бомбалоолорду токтотууга жетишүү зарыл. Алар ошондой эле гуманитардык жардамдардын жай тургундарга жетишин камсыздоого чакырышты.

Amnesty International уюмунун БУУдагы өкүлү Шерин Тадростун айтымында, эгер Коопсуздук Кеңеши Сириядагы жаңжалды токтотуу боюнча чараларды көргөндө, дээрлик жарым миллион адамдын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болмок.

Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдын мартынан бери уланып келет. Өлкө аймагынын бир бөлүгүн президент Башар Асаддын режими, калган бөлүктөрүн куралдуу оппозициянын түрдүү топтору көзөмөлдөп турушат. Андан сырткары өлкөдө «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун согушкерлери да бар. Исламисттерге каршы башкалар менен бирге Кошмо Штаттар башында турган эл аралык коалиция да күрөш жүргүзүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: