Menu

Муратбек Жапаров, “Медиа Форумдун” мурдагы юристи: “Алмазбек Атамбаев ашынган калпычы экен”

Бөлүшүү:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ашынган калпычы экендигин анын жанында чогуу жүргөн, чогуу иштегендери да айтып чыга баштады. Мисалы, жакында эле «Медиа Форум» ААКсынын мурдагы юристи Муратбек Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, А. Атамбаевди колдобоону суранды.

«Мен «Форумда» эки жыл иштедим, анан Фарид Ниязов келгенден кийин эле эч кандай негизсиз, түшүндүрүүсүз мени жумуштан бошотушту. Кайра жаңы жумушка орношкондон кийин мен «Форумда» иштеп турган убагымда мен үчүн Соцфондко эч кандай төлөм төлөнүп келбегенин билдим. 2 жылдык жумушума эчтеке төлөнгөн эмес», – дейт ал.

Жапаров Атамбаевдин «Медиа Форум» компаниясы менен миллионер болгом дегенине ишенбейт. «Атамбаев ушул компаниянын жардамы менен өз капиталын топтогонун айткан. Бирок, бул жалган. Компаниянын андай дивиденддери жана каражаттары жок. Эч качан болгон да эмес. Анда болгону эки эле адам катталган: Надира Сатыгул кызы
жана Адилет Жумалиев. Мен Атамбаевди айыптагым келбейт, анда ансыз деле айыптоолор учурда жетиштүү болууда. Бирок, жарандардын ага ишенип албоосун каалайт элем. Ал эмнеге колун созсо, ошонун баары талкаланат, бүлүнөт. «Кыргызавтомашты» талкалагандай жарандардын да тагдырын талкалап коюушу мүмкүн», – дейт Жапаров.

«Медиа Форумдун» мурдагы юристи компания аркылуу КСДП партиясынын акчалары чыгарылып турган болушу мүмкүн дейт. «Ага Атамбаев өзүнө үй курду. Партиядан акчаны Надира эже чыгарган. Кой-Таштагы хансарай саясий бирикменин менчиги болуп саналат. Алмазбек Шаршенович, сиз андан чыгып кетишиңиз керек – ошондо туура болот. Болбосо балдар үйүнө бериңиз», – дейт «Медиа Форумдун» мурдагы юристи.

Жапаров учурда Сагынбек Абдрахманов башында турган КСДП партиясында иштеп жатканын билдирип, А. Кодуранова, Р. Момбеков жана А. Жээнбековдорду бул партияга кайра кайтып келүүлөрүн суранган. «Алмазбек Шаршенович, бул партиянын негиздөөчүсү эмес, бирок аны мамлекетти талкалагандай эле талкалай алды. Ага жардам бербөөңүздөрдү суранам», – дейт ал.

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: