Menu

Тажикстанда оппозициянын мурдагы командиринин куралын сактаган жаран кесилди

Бөлүшүү:

Тажикстанда Нурабад районунун жашоочусу курал-жарак, ок-дарыларды мыйзамыз сактагандыгы үчүн беш жарым жылга эркинен ажыратылды.

Сот Саиджон Мирзоевди курал-жарак, ок-дары жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз алып жүрүү, сактоо, сатуу боюнча күнөөлүү деп тапты.

Саиджон Мирзоев Тажикстандагы жарандык согуш маалында Ризвон Садиров тобунун мүчөсү болгон. Уруш аяктагандан кийин куралын таштаганын билдирип, бирок Калашников автоматын, кол гранаталарын, 300дөй патронду өткөрбөй, 1993-жылдан бери сактап келген.

Арсенал быйыл жайында анын үйүнөн табылган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, курал-жарак жакшы абалда сакталган.

Тажикстанда 1990-жылдардын экинчи жарымында пайда болгон Ризвон Садировдун тобу ондогон адамдын өлүмүнө себепкер. Ризвон өзү Тажикстан жана Ооганстанда Бириккен тажик оппозициясынын эң каардуу командири болгон. Туура 20 жыл мурун Ризвон Садировдун бандасы Тажикстанда гуманитардык миссия менен жүргөн эки француз жаранды уурдап кетишкен. Куткаруу операциясынын жүрүшүндө Ризвон Садиров атайын кызмат тарабынан жок кылынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: