Menu

Алмаз Атамбаевдин дем алыш күнү Бишкектеги жолугушуудагы “балп” этмелери

Бөлүшүү:

Ишемби күнү, 3-декабрда Алмаз Атамбаев кыргыз филармониясынын залында Бишкек шаарынын жашоочулары менен жолугушту.  Жолугушуу “Суроо-жооп” форматында өткөрүлгөнүн КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирет. Бирок жолугушууга көз карандысыз журналисттер чакырылган эмес.

Ал эми жолугушууга катышкан айрым Бишкектиктер бизге расмий маалыматтарга кирбеген Атамбаевдин ал жолугушуудагы “балп” этмелерин айтып беришти.

“Кирип баратканыбызда баарыбызга Оксолиновая мазь таркатып берип жатышты. Ал гриппке каршы иш чара экен. Жайланышып олтурганыбызда эле Атамбаев “тиги Оксолиновая мазь менен жакшылап мурдуңарды майлагыла. Уялбагыла, тартынбагыла. Эгер кимдир бирөөлөр грипп менен ооруп жатса туруп кете берсеңер болот, таарынбайбыз, түшүнөбүз”,  деп баштады.

“Президенттик фонддон гриппке каршы күрөшүү үчүн 2 млн сом бөлгөнү жатам, Саламаттыкты сактоо министри айтчы, 1 млн сом жетеби же 2 млн сом керекпи? ” деп сурады эле министр “2 млн сом жетет” деп жооп берди. Анан залда олтурган Аалы Карашевге кайрылып “сен айтчы, мен өз фондуман 2 млн сом которуп бергенге укугум барбы?” деп сурады эле анысы “укугуңуз бар” деп жооп берди.

“Конституцияны өзгөртүүнүн канчалык зарылдыгы тууралу суроо берилди эле Атамбаев “Азыркы конституция боюнча эркек менен эркек деле үйлөнө берсе болот. Ал эми конституция өзгөргөндөн кийин андай болбойт. Эми дагы айтышат президент дөөдүрөп жатат деп, бирок Фаина Раневская айткандай “ар ким өз көчүгүн каалагандай пайдаланганга акысы бар” да. Чынын айтканда айрымасы кайсы, баардык эле павлиндин куйругунун астында баягы эле бир тешик да”, деп карсылдап күлө баштады. Кирерге жер таппай калдык. Залда кары-картаңдар, жаш селкилер, ар түрдүү курактагы адамдар олтурушкан”.

«Өткөндө Турцияда ооруп калганымда өлүп калат экемин деп ойлодум, ошого даярдандым, өлсөм да Измирдеги кыргыздардын мүрзөсүнө көмүлөйүн деп Стамбулдан Измирге алып баргыла деп ошол жакка бардым. Ал жерде байыркы кыргыз баатырларынын мүрзөсү бар. Ошол жерге көмүлөйүн дедим. Анан Путин телефон чалып, Москвага чакырып, орустардын күчтүү доктурлары сактап калышты” деди.

“Мен резиденцияда эле олтуруп иштей берем. Ак үйгө сейрек келем. Көп болсо жумасына бир-эки жолу. Резиденцияда кабинетим бар, министрлерди ошол жерде кабыл алып, ошол жерде эле иштей берем. Ал кабинет бир кезде Айдар Акаевдин кабинети болгон экен. Ал эми Ак үйгө Аскар Акаев менен Бакиев олтурган кабинетке аз баргым келет. Бир нерсе жуктуруп аламбы деп корком. Анан аларга окшоп экинчи мөөнөткө да калам деп чыгамбы деп чочулайм” деди.

“Мен азыр СДКПга мүчө эмесмин, Конституция боюнча укугум жок, бирок, президенттик мөөнөтүм бүткөндө кайра СДПКга барып, партияны жетектейм, тазайлайм. Өлкөнүн тагдырына сырттан карап туралбайм”.

“Ал эми Кой-Таштагы үй боюнча айтсам, атайылап суунун аркы бетине дагы бир ошондой үй курайын деп жатам, Текебаевдин ичи күйсө туз жаласын”, деди.

bishkektikter-filarmoniyada2

bishkektikter-filarmoniyada

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: