Menu

Каржы полициясы наркология борборунда каттоодо турган адамдар тартылган дагы бир кылмыштуу схеманы аныктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) (мындан ары – ЭККМК) кызматкерлери салык салынуучу базаны кеңейтүүнүн жана Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүнүн кошумча булактарын тактоо максатында иш-чара жүргүзүшүп, Республикалык наркология борборунда каттоодо турган адамдар тартылган дагы кылмыштуу схеманы аныкташты. Бул тууралу Каржы полициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөн учурда уюштуруучу катары Талас облусунун Кызыл-Адыр районунун Сулуу-Маймак айылынын тургундары (издөөдөгү) Абасбек уулу Датка, “Э.Э.”, “М.С.” деген жарандар тергөө тарабынан аныкталбаган “Съездбек” (каржылаган адам) деген аттагы товарлардын (пиломатериалдар жана башка элдик керектөөдөгү товарлар) импортчусунун кызыкчылыгы үчүн (Республикалык наркология борборунда каттоодо турган жана ортомчу катары иштеген) Айбазов Сергей Юрьевич менен жолугушуу өткөрүшкөндүгү аныкталды. Андан кийин С.Айбазовдын жардамы менен Республикалык наркология борборунда каттоодо турган адамдарга, тактап айтканда “К.В.”, “Ф.С.”, “П.В.” деген жана бир аз сыйакы алыш үчүн Мамлекеттик салык кызматына жеке ишкер катары катталган башка адамдарга чыгышкан, андан кийин алар жогоруда аталаган “Э.Э.”, “М.С.” деген жарандарга ишеним кат жазып беришкен, муну менен бирге ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргыз Республикасына товарларды эркин ташууга мүмкүнчүлүк беришкен.

2019-жылдын 7апрелинде кылмыш кылды деп шектелип “Э.Э.” деген жаран кармалып, ага 2019-жылдын 9-апрелинде камакка алуу түрүндөгү чара жазасы колдонулган.

2019жылдын 17апрелинде кылмыш кылды деп шектелип Айбазов Сергей Юрьевич кармалып, ага 2019-жылдын 19-апрелинде камакка алуу түрүндөгү чара жазасы колдонулган.

2019-жылдын 3майында кылмыш кылды деп шектелип “М.С.” деген жаран кармалып, ага камакка алуу түрүндөгү чара жазасы колдонулган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 231-беренесинин (2-бөлүгүнө бюджетке өзгөчө ири өлчөмдөгү салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу) ылайык катталган.

Ошентип, аталган адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын бюджетине милдеттүү салыктык төлөмдөрдүн түшпөй калышынан мамлекеттик бюджетке жалпы суммасы 65 миллион сомдон көп (65 383 798 сом) материалдык зыян келтирилген.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырууда бул кылмыштуу схеманын чыныгы уюштруучулары, анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары такталып жатат.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары Финансы полициясы азыркы убакта салык кызматы органдарында калктын аярлуу катмарындагы адамдарга (майыптарга, Республикалык наркология борборунда каттоодо турган адамдар, пенсионерлер) салыктык милдеттенмелерди жасалма тариздөө учурлар көбөйүп кеткендигин маалымдайт. ЭККМК мыйзамсыз материалдык байлыкка азгырылбоону сунуштайт, себеби бул жазык жоопкерчилигине тартылууга алып келет! Эгерде сиздерге ушундай кылмыштуу схемалар белгилүү болуп калса, ЭККМКга 1955 ишеним телефону боюнча кайрылууну өтүнөбүз.

схема 2 – копия

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: