Menu

КР Өкмөтү тарабынан фитосанитардык коопсуздук жаатында ишкердүүлүктү жүргүзүүдө тобокелдик даражасын баалоо критерийлери киргизилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтомуна кол койду.

Аталган токтомдун негизги максаты – тобокелдикти баалоого негизделген ыкманын пайдаланылышын жөнөкөйлөштүрүү, көйгөйлөрдү четтетүү жана ишкерлердин корголуусун жогорулатуу.

Азыркы учурда иши фитосанитардык коопсуздук менен байланышкан ишкерлерге текшерүү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгүн аныктоого мүмкүндүк берүүчү критерийлер жок. Бул кенемтени  толуктоо үчүн Критерийлер “Фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндө ишкердик иштин тобокелдик даражасын баалоо критерийлери” деген  23-глава менен толукталууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, текшерүүлөр тобокелдик жогорку болгон объекттерге багытталышы керек, ал фитосанитария жаатындагы коопсуздукту жогорулатууга жана бизнес тараптын да, мамлекеттик бюджеттин да чыгымдарын кыскартууга алып келет. Бул вариантты ишке ашыруунун жыйынтыгы текшерүүлөрдүн санынын олуттуу кыскарышы болушу керек.

Документке ылайык, тобокелдик критерийлерин киргизүү текшерүүлөрдүн санын  эң аз дегенде 2 эсеге кыскартууга мүмкүндүк берет жана ага ылайык бизнестин чыгымдары эки эсеге кыскарат.

Аталган токтомду кабыл алууда укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, анткени сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор болгон карама-каршылыктарды жоюуга, контролдоочу органдардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоого, административдик чыгымдарды жана ишкерлердин чыгымдарын кыскартууга багытталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: