Бүгүн, 4-ноябрда UFCнин чемпиону, атактуу мушкер кызыбыз Валентина Шевченко Голливуд жылдызы Хэлли Берри менен “Дене көгөргөндө” (Bruised) деген тасмага тартылып жаткан сүрөтүн өзүнүн Инстаграм баракчасына чыгарды.
Валентина Шевченко буга чейин, октябрдын башында киного тартыла турганын да кабарлаган. Ал эми кино жөнүндө учкай айта кетсек, Хелли Берри кинорежисерлуктан күчүн сынап, аталган тасманы тартып жаткан учуру. Башкы ролдо өзү – Хелли. Тасмада ММАдагы аял мушкер Жекинин турмушу баяндалат. Валентина Шевченко кесипкөй мушкерлердин катарында тартылат, ара-чолодо Хеллиге да мушташ сабагын берип жаткан экен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ