Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Бишкектеги жол тыгындарын кантип жоюу керек?

Бөлүшүү:

Бишкектеги жол тыгындары менен күрөшүүнүн эки эффективдүү жолу бул – көп деңгээлдүү парковкалар жана кошумча жолдорду реконструкциялоо. Мындай ойду “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер  Рысбай  Аматов билдирди.

Талапкер Рысбай Аматов КТРКнын түз эфирдеги теледебаттарында сүйлөп жатып “Өнүгүү-Прогресс” партиясы өзүнүн программасында көп деңгээлдүү парковкаларды курууну сунуштаган соң, аталган демилгени Бишкек шаарынын бийлиги колдоп, ишке ашырууну көздөп жатканын айтты. «Бул жаңылык бизди кубантпай койгон жок, биз бул маселени “Натыйжа көрсөтөбүз!” платформабызда жөн салды көтөргөн жокпуз. Эсептөөлөрдүн жыйынтыгы мындай парковкалар мамлекеттик-жеке компаниялардын келишимдик ишмердүүлүгүндө, инвестиция тартуу менен реалдуу ишке ашуучу долбоорлор экендигин көрсөттү», – дейт Рысбай Аматов.

Анын белгилөөсүндө, Бишкек мэриясы менен сүйлөшүүлөрдөн соң аталган долбоорго алты ири компания кызыккандыгын билдирген. «БШКнин курамында биздин партия мындан ары дагы шаар бийлигине, азыр абадай керек болуп турган  аталган долбоорду ишке ашырууга жардам берет», – деген ишенимде «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын өкүлү.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын борборундагы жардамчы жолдорду оңдоп-түзөө иштери маселелерине дагы токтолду. «Мындай жолдордун начар абалынан улам, айдоочулар ансыз да жыш болуп турган борбордук трассаларга агылышат. Мунун айынан жол тыгындары келип чыгууда. Эгер жардамчы көчөлөрдү оңдоп-түзөп койсок, борбордук трассалардагы машина агымдары сезилээрлик азаймак», – деп жыйынтыктады Рысбай Аматов.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: