Бүгүн, 5-декабрда БШК өзүнүн кезектеги отурумунда Жалал-Абад аймактык комиссиясынын 2-декабрдагы КСДП партиясынын тизмеси мыйзамга каршы түзүлгөндүгүнө байланыштуу жараксыз деп табылып, шайлоодон четтетүү боюнча кабыл алган чечимин жокко чыгарды.
Мындай чечимге БШКнын 11 мүчөсүнүн 9 мүчөсү “макул” деп, 2 мүчөсү “каршы” деп добуш беришкен.
Эсиңиздерге сала кетсек, КСДПнын Жалал-Абад шаардык кеңешке түзүлгөн талапкерлеринин тизмеси мыйзамдын талаптарына каршы болуп, гендердик тең салмактуулукту сактаган эмес. Натыйжада тизмедеги эркектер 73%ды, ал эми кыз-келиндер 27%ды түзүп калган. Норма боюнча бир жыныстагы талапкерлер 70%дан ашпаш керек же 30%дан кем болбошу зарыл. Мындай болбогон учурда тизме жараксыз деп табылып, партия шайлоодон четтетилет. Бирок бийликтин партиясына мыйзам иштебейт экен, бүгүн КСДП шайлоого катышсын деген чечим кабыл алынды.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ