Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: «Альтернативдүү борборлор» урбанизация маселелерин кыскартат

Бөлүшүү:

«Бишкектеги калктын санынын өсүүсү менен көпчүлүк райондорунда көчөлөр, мектеп, ооруканалар жана башка мекемелер толуп калды. Мындай көрүнүш кадыресе жаңы конуштагы, шаар четиндеги жашоочулардын эң керектүү тейлөөлөрдү алыш үчүн шаар борборуна агылгандыгынан келип чыгууда. Ал үчүн шаардын четки аймактарына  “альтернативалуу борборлорду» түзүү зарылдыгы келип чыгууда. Бул шаарды тең салмактуу өнүктүрүүгө, андагы элдин агымын азайтууга алып келет», – мындай оюн Бишкек шаардык кеңешине «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутаттыкка талапкер Нурдин Абдылдаев билдирди.

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, дүйнөдө шаар калкынын саны барган сайын өсүүдө: учурда жер шарынын 54% шаарда жашайт. 2050-жылы бул көрсөткүч 66% жетээри күтүлүүдө.

Кыргызстанда дагы аталган маселе актуалдуу. Сырткы жана ички миграциянын таасири өлкөдө урбанизациянын өнүгүшүнө жол берүүдө.

Улуттук  статистикалык  комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстандын 6 млн калкынын 2 млн шаардыктар. Демек, Кыргызстандын калкынын үчтөн бир бөлүгү шаарда жашайт, Бишкекте калктын саны 1 млн ашык.

Белгилүү болгондой, шаар борборлору бардык эле жерде көп ресурстарды, инвестиция жана адамдарды өзүнө тартат. Бишкектин борбору ушул жагдайдан улам, калктын жана транспорттун жыш жайгашуусуна алып келди. Бишкектин борбордук бөлүктөрүндөгү жол тыгындары шаардыктардын эң чоң көйгөйү болуп турган кез.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы жыкжыйма шаар борборун жеңилдетүүгө кызыкдар. Нурдин Абдылдаевдин айтымында, борбордун өнүгүүсүнө шаар четине, жаңы конуштарга, кичирайондорго инвестиция тартуу менен ал жакта “альтернативдүү борборлорду” түзүү менен жетишүүгө болот.

«Шаардын ар кайсы четине мектептерди, билим берүү борборлорун, бала бакча, оорукана, тез жардам кызматы, спорткомплекс ж.б.у.с. мекемелерди куруу зарыл. Жергиликтүү калктын шаар борборуна баруу муктаждыгы жоюлмак», – деп билдирди  «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын өкүлү Нурдин Абдылдаев.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: