Menu

Бейшеев Закон Кыргыз энциклопедиясы үчүн жаралган инсан

Бөлүшүү:

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-январындагы №121-б буйругуна ылайык 2016-жылга карата жалпы улуттук жана эл аралык маанидеги юбилейлик иш чаралардын тизмегине кирген, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, СССР басма сөзүнүн отличниги, туңгуч энциклопедист Бейшеев Закон Бейшеевичтин 80 жылдык маарекесинин алкагында иш чара өткөрөт. Иш чара 2016-жылдын 9-декабрында А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында саат 15:00дө болот. Улуттук китепкана тарабынан З.Бейшеевдин эмгектеринен турган көргөзмө уюштурулуп, жалпынын назарына коюлат. Ошондой эле салтанаттуу иш чаранын жүрүшүндө тунгуч энциклопедисттин эмгектерин, өмүр жолун чагылдырган чакан тасма тартууланмакчы.

З.Бейшеевди: “Качан кирсең үстөлүндө үймөк китеп, кагаз… Сүрүлүп, чийилип, оңуп, өзү өңдөнүп картая баштаган үстөлү, кирген-чыккандар олтурган ошондой эле эски отургучтар, анан киши киргенде кагаздан башын көтөрүп сүйүнүп кеткен Закон абам. Кагаздын туткунунда камалып жата бербей кен издеп, карылыктан качып тоо-ташты кезип кете бербейби, кайран геолог деп ойлоп кетем. Жок, бул киши бүткүл турган турпаты, билим көрөңгөсү, ички маданияты жана да толгон-токой башка касиеттери менен энциклопедия үчүн гана жаралгандай таасир калтырат…” деп эскеришет замандаштары.

Эске салсак, 80 жылдык мааракенин алкагында 2016-жылдын 16-ноябрында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Мамлекеттик тилдин учурдагы абалы жана өркүндөтүү багыттары” аттуу илимий-практикалык конференцияга өткөрүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: