Menu

Жалал-Абаддык жалданма жоокер Сириядагы куралдуу кагылышка катышкандыгы үчүн 13 жылга соттолду

Бөлүшүү:

Алимджанов Илхамжан Исмаилджанович «Ислам» динине терен ишенген киши катары, анын  талаптарын сактоо менен учурдагы Сирия Араб Республикасында болуп жаткан террористик аракеттерге катышууну көздөп, Сирия Араб Республикасынын өкмөттүк күчтөрүнө каршы күрөш жүргүзүп жаткан «Катибати имам – Аль Бухари» эл аралык террористик диний уюмдун идеяларын колдогон. Бул тууралу Жалал-Абад областтык сотунун пресс-кызматы билдирет.

Алар тарапта иш алып барса, материалдык же башка пайда табуу мүмкүн экендигин билип туруп Сирия Араб Республикасынын аймагына өтүүгө аракет жасап, 2016-жылдын 16-февралында И.Алимджанов өз оюн ишке ашыруу максатында,  Россия Федерациясынын Астрахань шаарынан Турция  Республикасына өтүп, ал жактан белгилүү убакыттан кийин, жашыруун жолдор менен чекараны буйтап Турция Республикасынан Сирия Араб Республикасынын  аймагына өтүп, Сирия мамлекетинин  аймагындагы Лирамон, Идлиб, Кафар Хамра жана Урум шаарларында, «Катибати имам – Аль Бухари» эл аралык террористик диний уюмунда диверсиялык-террорчулук кылмыштарды жасоо шыктарын жана жөндөмдөрүн алууга багытталган атайын даярдыктан өтүп, согуш куралдарынын ар кандай түрлөрүн колдонууну жана атайын согуштук аракеттерди үйрөнгөн.

И.Алимджанов Сирия мамлекетинин өкмөттүк күчтөрүнө каршы турган эл аралык террористик  уюмдан жашоочу жай, тамак-аш, атайын  аскердик кийим кече, ок дары, ок атуучу куралдар жана башка материалдык  жабдыктар менен камсыз кылынган.

И.Алимджанов Сирия мамлекетинин өкмөттүк күчтөрүнө каршы эл аралык диверсиялык-террористик уюмдун катарында бир нече жолку согуштук кагылышууларга, ага берилген «Калашников» автоматы менен катышкан жана  террористик уюмдун алар жайгашкан жамааттын базасын кайтарып келген.

Жалал-Абад шаардык сотунун 2016-жылдын 30-сентябрындагы өкүмү менен Алимджанов Илхамжан Исмаилджанович 1983-жылы  Жалал-Абад шаарында туулган, билими орто, үй-бүлөлү, үч баласы бар, убактылуу иштебеген, мурда соттолбогон, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 375-ст. 2-б. (Жалданмачынын куралдуу кагылышка же согуш аракеттерине катышуусу) менен күнөөлүү деп табылып, 13 (он үч) жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген.

Кабыл алынган өкүм менен макул болбой соттолуучу И.И.Алимджановдун адвокаты Жалал-Абад областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясына апелляциялык даттануу келтирген.

Бирок областтык соттун сот отурумунда иш каралып жатканда соттолуучу И.И.Алимджановдун адвокаты апелляциялык даттануусунан баш тартып, даттануусун кароосуз кайтарууну сураган.

Жалал-Абад областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы аныктамасы менен соттолуучу И.И.Алимджановдун адвокатынынапелляциялык даттануусунан баш тартуу жана аны кароосуз кайтаруу жөнүндөгү арызы канааттандырылып, адвокаттын даттануусу кароосуз кайтарылган.

Жалал-Абад шаардык сотунун 2016-жылдын 30-сентябрындагы өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: