Menu

Меркель кайрадан Христиан-демократиялык биримдик партиясынын башчысы болуп шайланды

Бөлүшүү:

Германия канцлери Ангела Меркель кайрадан Христиан-демократиялык биримдик партиясынын башчысы болуп шайланды. Эссенде өткөн 6-декабрдагы партиялык съездде анын башчылыгы төртүнчү мөөнөткө узартылды. Добуш берүүгө миңге жакын делегат добуш берип, алардын 89,5 пайызы Меркелди колдошту.

Немис канцлери тарабынан мигранттарга карата жүргүзүлүп жаткан ачык эшик саясаты калктын айрым бөлүгүнүн нааразылыгын жаратып, Христиан-демократиялык биримдик партиясынын популярдуулугун кыйла төмөндөткөн. Аймактык шайлоолордо «Германия үчүн альтернатива» популисттик оңчул партиянын ийгиликтеринин фонунда Меркель миграция маселелери боюнча өз позициясын катаалдаштырат деп күтүлүүдө. Съезддин делегаттары добуш бергенге чейин Меркель Германияда популизмдин өсүп жатканын сындап, сунушталып жаткан коомдук жайларда жүзүн толук жапкан мусулман аялдардын кийимин кийүүгө тыюу салууну колдой турганын белгиледи.

«Андай жабык кийимдерге мыйзам жолунда тыюу салууга боло турган бардык жерлерде тыюу салынышы керек», — деди Меркель.

Анын партиясы бетти толугу менен жапкан кийимдерди сот имараттарында, ошондой эле унаа айдап бара жатканда кийүүгө тыюу салчу мыйзам долбоорун даярдоого киришти. «Дүйнө ак-кара гана түстө эмес. Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жеңил чечимдер түрткү берген учурлар сейрек кездешет», – деди Меркель.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: