«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы бүгүн, 2016-жылдын 7-декбрында КР ИИМне жана Башкы прокуратурасына партиянын интернеттеги расмий сайтын кайталап түзүп жаткандарды жана алардын артында тургандарды ачыкка чыгаруу өтүнүчү менен кайрылды.
Аталган кайталама сайттардагы маалыматтар чагымчыл мүнөздө, партиянын лидери Бакыт Төрөбаевдин ар-намысына жана жалпысынан саясий партиянын аброюуна шек келтирүүдө.
Учурда жергиликтүү кеңештерге шайлоо агитациясы жүрүп жаткан маалда мындай чагымдын кедергиси абдан жогору. Андыктан партия өзүнүн кайрылуусуна тез арада жооп кылып, бул ишке катыштыгы бар адамдарды мыйзам чегинде жоопко тартууну өтүнөт.
«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын бир гана расмий onuguu.kg сайты бар экендигин эскертебиз.
“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б. Түлеев тарабынан төлөндү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ