«Калктын аялуу катмары үчүн жардамдар бардык өнүккөн жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн саясатында негизги орунда. Ири шаарларында жеңилдиктер бийлик тарабынан жана бизнес тарабынан дагы берилип турат», – дейт “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан БШКне депутаттыкка ат салышып жаткан Аликбай Сариев.
Буга байланыштуу, партиянын “Натыйжа көрсөтөбүз” платформасынын ичинде шаардагы ири соода түйүндөрүн (аянты 200 кв.м) “социалдык текче” уюштурууга милдеттендирген демилгесин эскертти. «Бул текчеде күнүмдүк керектөөгө ылайыктуу азык-түлүктөр (нан, сүт, шекер ж.б. бардыгы 30 аталышка жакын) өз баасынан 15-20% арзан сатылмак. Аларды Бишкек мэриясынан алынган атайын карточкалардын негизинде жеңилдик ээлери сатып алышмак», – дейт Аликбай Сариев.
Анын айтымында, соода түйүндөрү мындан эч кандай чыгаша тартпайт, анткени социалдык жеңилдиктерге ээ адамдар – бул анча чоң эмес кардарлардын тобу, ал эми мындай соода түйүндөрдөгү товарлардын үстөгү 35-50%га чейин. “Биз бизнеске кийлигишүүдөн, рынокту тейлөөдөн алыспыз. Болгону, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын милдети – шаардыктардын кызыкчылыктарын коргоо. Бул маселе биздин партия шаардык кеңеште биринчи кезекте ушул маселени колго алат”, – деп жыйынтыктады Аликбай Сариев.
“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б. Түлеев тарабынан төлөндү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ