Menu

И.О. мэр Иса Өмүркуловдун токтому жана базар тополоңу

Бөлүшүү:

Бишкектин Ош базарынын аймагындагы “Берекет-универсал” соода-базар комплексинде 23 жылдан бери эмгектенип келишкен 700дөн ашык арендаторлор менен “Берекет” Жабык акционердик коомунун жетекчилигинин ортосундагы талаш маселе бир жылдан бери токтобой келе жатат. Тактап айтканда, өткөн жылдын 15-апрелинде ЖАК жетекчилиги базардын эшигин кулпулап жаап, арендаторлорду иш ордуна киргизбей койгондо тараптардын ортосунда тирешүү башталган. Ага төмөндөгү жагдайлар себеп болгон:

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу И. Өмүркулов 18.08.2010-жылдагы № 315-токтому менен муниципалдык менчикте турган 0,953 га жерди (Кулиев көчөсү – Павлов көчөсүндөгү жер участогун) “Берекет” ЖАКсына автотоктотмосу бар соода комплексин долбоорлоо жана куруу учүн 10 жылдык мөөнөткө ижара шартында убактылуу пайдаланууга берген. Ал эми бул токтомдун негизинде 10.09.2010-жылы Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы менен “Берекет” ЖАКтын ортосунда жер участогун арендалоо келишими түзүлгөн. Бирок, бул токтом жана келишим тууралуу базарда эмгектенген ишкерлер билген эмес.

Аталган токтомдун 4-пунктунда: -Заказчы колдонуудагы мыйзамды бузган жана бул токомдун пункттары аткарылбаган учурда Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте бул токтомду жокко чыгаруу укугун өзүндө калтыраары көрсөтүлгөн;

Ал эми аренда келишимдин 3-пунктунун 2.7.-бөлүгүндө: -жер участогун белгиленген нормативдик мөөнөттө өздөштүрүүгө (эки жылдан ашык эмес) милдеттендирген жана 3.2.4-бөлүгүндө: арендадагы жер участогунда соода иштерин жүргүзүүгө тыюу салган;

“Берекет” ЖАКсы тарабынан токтомдун жана келишимдин бир нече пункттары одоно түрдө бузулуп, муниципалдык менчиктеги 0,953га жер участогуна белгиленген мөөнөттө (2 жылдын аралыгында) эч кандай курулуш иштери жүргөн эмес.

Келишим талаптарына ылайык аталган жер участогун базар шартында пайдаланууга тыюу салынганына карабастан “Берекет” ЖАКсы жерди 700дөн ашык адамга арендага берип, арендаторлор менен эч кандай келишимдерди түзүлбөй туруп эле 10 жыл бою акча каражаттарын жыйнап келген. Ар бир арендатор ээлеген жер аянтына жараша ай сайын орто эсеп менен 5000 сомдон 50000 сомго чейин ижара акы төлөп турган.

Тараптардын ортосундагы жаңжалдан кийин ишкерлер Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кеңештин депутаттарына, Башкы прокурорго, Коопсуздук кеңешине, Финансы полициясына арыз менен кайрылышкан. Мындан сырткары ишкерлер 2 ирет жөө жүрүш жасап тынчтык митингин өткөрүшкөн. Алар келтирип жаткан далил фактылар боюнча “Берекет” ЖАКы 2010-жылдан бери жер аянтын ишкерлерге мыйзамсыз арендага берип келген. Мисалы, аренда акысын 27 күнгө эсептеп, бир жылда 12 айга эмес, 13 айга акча жыйнап турушкан.

Ишкерлердин колунда турган далилдерге ылайык, 2019-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 11-апрелине чейин (үч жарым айда) 36 миллион сомдун тегерегиндеги акча ЖАК тарабынан мыйзамсыз жыйналган (демек, 1 айда 10 миллион сомдон ашык акча жыйналып турган). Бул сумманы ишкерлер ыраааган 13 айга” көбөйтсөк 130 миллион сомдон ашып түшөт. Эгерде и.о. мэр Иса Өмүркуловдун 2010-жылдагы токтомунан жана аренда келишиминен берки 10 жылды эске алсак, “Берекет” ЖАКсы 1 млрд. 300 млн сомду мыйзамсыз жыйнап алган болуп калабы?..

Мындан сырткары, ишкерлер “Берекет” ЖАКсына (аренда акысынан башка) тазалык, электр энергиясы, кайтаруу кызматтары үчүн ай сайын накталай акчаларды милдеттүү түрдө төлөп келишкен. Аны кошкондо төбө чач тик турат. Ал эми патент алуу үчүн мамлекеттик салык кызматына төлөнгөн акчаларды айтпай эле коёлу…

Ошол эле учурда “Берекет” ЖАКсы жер акысы үчүн шаардык бюджетке болгону 1 жылга болгону 1989 864 сом гана төлөп келгендиги маалым болду (1989 864 сом X 10 жылга = 19898 640 сом). Калган 1млрд 280 млн сом кайда кетти? Ал эми соцфондго жана салыкка төлөнүүчү милдеттүү төлөмдөр төлөнүп турганбы? Бул фактылар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан текшерилип, тактоону талап кылат!

Ишкерлердин айтымында, “Берекет” ЖАКтын жетекчиси Болот Бегалиевден үстүнөн мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнө кайрылгандан кийин деле тыңгылыктуу жооп алышпаптыр. УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы менен Финансы полициясы “сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат” деген коёндой окшош жооптор менен гана чектелишет экен. Алар Б. Бегалиевден коркуп жатышабы же анын акчасына азгырылып жатышабы, түшүнүксүз дешет ишкерлер. Эгерде маморгандар ушул Бишкектин чок ортосунда турган Ош базардын айланасындагы алакандай жердин тагдырын чечип, көмүскө кеткен акчаларды эсептеп чыга албаса, маркум Саймаитинин айтуусу боюнча Раим миллиондун төгөрөктүн төрт бурчуна таркап кеткен акчалары жөнүндө сөз кылыштын кажети деле болбойт го! Бир жылдан бери мурдунун учундагы миллиарддардын “жытын” сезбей аткандар арапстандагы акчанын изин кантип аныкташмак эле?..

Прокурор не дейт?

Жогоруда аталган “Берекет-универсал” соода-базар комплексинин арендаторлорунун укуктарын коргоп келе жаткан “24-март” ишкерлердин укугун коргоо” коомдук бирикмесинин мүчөсү К. Жумабаевдин билдиргенине караганда, ишкерлердин коллективдүү арызына Бишкек шаардык прокуратурасынан 20.01.2020-жылы № 11/129-19 сандуу жооп кат келген. Анда Бишкек мэриясынын 18.08.2010-жылдагы № 315-токтомун аткарууда “Берекет” ЖАК тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары бузулгандыгы аныкталгандыгы, прокуратура Бишкек мэриясына мыйзамдардын бузулгандыгы боюнча сунуштун долбоорун даярдап жаткандыгы, ал эми финансылык мыйзам бузуулар боюнча КРнын Жазык кодексинин 233-бер. 1-бөл. каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 15.04.2019-жылы № 03-301-2019-000405 саны менен катталган жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында текшерүү жүрүп жаткандыгы көрсөтүлгөн.

Ал эми Бишкек шаардык мэриясы 25.02.2020-жылдагы № 08-417/2-3 сандуу жообун окурмандарга өз калыбында (расмий тилде жазылыптыр) сунуш кылабыз.

“Настоящим мэрия города Бишкек информирует, что распоряжением мэрии города Бишкек и прокуратуры города Бишкек 13 декабря 2019 года № 283-р/29-р создана межведомственная рабочая группа проведения проверок законности предоставления земельных участков, осуществления строительства и функционирования торговых точек на территории Ошского рынка и деятельности ЗАО “Берекет”.

По итогам проверок 7 февраля 2020, прокуратурой города Бишкек в адрес мэрии города Бишкек внесен акт прокурорского реагирование об отмене постановления мэрии города Бишкек от 18 августа 2010 года №315 и расторжения договора аренды земельного участка между Управлением муниципальной собственности мэрии города Бишкек и “Берекет ” от 20 сентября 2010 года.

Во исполнение вышеуказанного акта прокурорского реагирования соответствую структурным подразделениям мэрии города Бишкек поручено принять меры по исполнению акта прокурорского реагирования в установленном порядке.

Вице-мэр А.Э. Алымкулов

Кенжебек Жумабаев, “24-март” ишкерлердин укугун коргоо” коомдук бирикмесинин мүчөсу:

Биз Бишкек сынын муниципалдык менчигинде турган 0,953 га жер аянтын жеке менчикке жиберүүгө каршыбыз. Ошондуктан “Берекет-Универсал” соода-базары жайгашкан жерди мэрия кайрадан өзүнүн менчигине алып, ыңгайлуу шарттарды түзүп берсе салыгы үчүн мэриянын бюджетине ай сайын миллиондогон акчаларды келишимдик шартта төгүп берип турууга макулбуз. Эгерде “Берекет” ЖАК жердин аренда акысы жылда 2 млн сом төлөп келсе, ишкерлер сайын 2 млн акча төлөп турууга даяр. Башкача айтканда жеке ишкер Б. Бегалиевден 12 эсе көп төлөп беришет. Бул кимге пайда да, кимге зыян? Түшүнүктүү эле болсо керек! Ал эми биздин мындан аркы аракеттерибиз прокуратуранын чара колдонуу актысынын аткарылышын жана кылмыш иштин иликтенүүсүн, мыйзам бузгандардын жазаланышын тездетүү багытында жүрөт…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: