«Лукойл» Өзбекстандын аймагына инвестиция салуу боюнча жаңы сунуштарды даярдап жатат. Бул тууралуу орусиялык компаниянын башчысы Вагит Алекперов Интерфакс агенттигине билдирди.
«Ушул жылдын аягына карата биздин Өзбекстандын аймагындагы инвестициябыз $6 млрд. түзөт. Буга мен Гиссар ($1,5 млрд) долбоорун жана ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалып жаткан Кандымды өнүктүрүү долбоорлорун дагы кошуп жатам. Кандым жана Гиссардагы объектилерди толук өнүктүрүү үчүн $3 млрд өлчөмүндө кошумча инвестиция салууну пландап жатабыз», – деп билдирди Алекперов.
Ал Өзбекстанда өндүрүлгөн газдын бардыгы ички базарга багытталарын белгиледи. Алекперов ошондой эле «Лукойлдун» учурдагы долбоорлор боюнча инвестициялык иштери аяктагандан кийин жаңы демилгелерди даярдоо тууралуу Өзбекстан президентинин тапшырмасы бар экенин кошумчалады.
«Болжол менен 2021-2022-жылдары бул жактагы инвестициялык долбоорлорду толугу менен аяктайбыз. Андан ары биз Өзбекстандын аймагында өндүрүлгөн газды кайрадан бөлүштүрүү маселесин карайбыз. Учурда биз мунун үстүнөн иштеп жатабыз жана белгилүү убакыттан кийин демилгелерибизди сунуштаганга даяр болобуз», – деди Алекперов.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ