“Бишкектин Чүй проспектинин “Профсоюздар үйүндө” жайгашкан N1218-шайлоо участогунда шайлоочунун өздүгүн аныктоочу биометрикалык аппараттар иштебей жатат, ал аппараттан өтпөгөн адамдарга да шайлоо бюллетендерин берип жатышат”, – деп билдирди азыр эле редакцияга телефон чалып өзүн Батма деп тааныштырган шайлоочу.
“Баарынан кызыгы байкоочулар да эч нерсе болбогондой унчукпай олтурушат. Мен “Тайырбек Сарпашевди бул жерге чакыргыла болбосо добуш бербейм деп баса бердим”, – деп билдирди шайлоочу.
Бишкектин Чүй проспектинин “Профсоюздар үйүндө” жайгашкан N1218-шайлоо участогунда байкоочулар болсо үн катып койсоңуздар.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ