Menu

Канышай Мамыркулова, журналист: “Кыргыз бийлиги оппозицияны каргап-шилеп, артынан кубалагандын ордуна экономиканы жөнгө салса кыргыздар Россияда тентимек эмес”

Бөлүшүү:

Мына бул балдар кыргыздын жүгүн көтөрө турган балдар. Тилекке каршы, Кыргызстандын ишке жарамдуу бөлүгүнүн көбү Россияда эмгектенип жүрөт. Кыргыз бийлиги оппозициянын аркасынан кубалап, фейсбукту аңдыгыча социалдык көйгөйлөрдү чечкенде миллиондон ашуун кыргыздар үйүндө отурмак. Бул жигиттер мыйзамсыз нааразылык иш-чарасы же башаламандыкка өтүп кете турган иш-чара дейбизби муну атайылап каалашкан эмес. Алар жөн гана тажады. Кыргыз бийлиги Собянинге таарынганды, оппозицияны каргап-шилегенди жөн коюп, экономиканы жөнгө салуунун аракетин көрсө, биздин жарандар Россияда аргасыз жашоо кечирмек эмес. Беш жыл мигранттар көргөн кұндұ мен да көргөм. Элчилик менен консулдуктар кыргыз мигранттары менен иши анча жок экенин жакшы билем. Анткени, мигранттардын саны өтө көп, Анын үстүнө каттоого көбү тура албайт. Элчилик баарынын маалыматын алып үлгүрбөйт. Кыскасы, кызыкчылыктары азыраак, мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Кыргызстанга кайтып келгениме деле ошончо жыл болду. Өлкөдө деле эч өзгөрүү жок. Уят. Мигранттардын канчанчы мууну өсүп жатат? Кыргыз бийлигине буту илээшкендер жана аларга кошомат кылгандар ойлонуш керек го кичине?

Канышай Мамыркулова, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: