Menu

Видео – Президент Сооронбай Жээнбеков таажывируска каршы күрөш боюнча вице-премьердин, министрдин ишин “даана саботаж” деп баалап, аларды жазалоону сунуштады

Бөлүшүү:

“Биздин лаборатория боюнча президенттин сын пикирин кабыл алам, чындап айтканда биз ушул жерден мүчүлүштүктөрдү кетирдик. Бүгүнкү күндө биз 17 ПЦР даярдап койдук. Алар иш алып барып жатат. Реагенттер боюнча 66 миң тест каралган эле, алардын 45 миңи келди”, – деп актанды КР Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 31-мартта өткөн Коопсуздук кеңешинин тар курамдагы жыйынында президенттин сынына жооп кылып.

“Январда коопсуздук кеңешинде четин чыгардык, карагыла деп, реагенттер азыр жетишпей жатат. Лаборатория басып барып койбогон, Космос Сариевич, ошол маселени чечип койбогон, мына мен кат алдым, 27-январда Коопсуздук кеңеши өткөн күнү кат жазылган экен силерге. Кийин марттын башында кат жазыптыр. Эч чара көргөн эмессиңер. Коопсуздук кеңешинин чечимин аткармак турсун, аны силер окуп да койбопсуңар. Космос Сариевич, муну орусча “настоящий саботаж” деп коёт. Адамдын ден-соолугун коргой турган, ошону карай турган, эң чоң министрликтин башчысы болуп туруп, силер күйбөгөндөн кийин башкалар күйөт дейсиңерби? Лаборатория өз убагында иштиебей, мына азыр баары күтүп жатышат. Мына, Алтынай Сейтбековна, сизге да айткамын, штабдын жетекчиси катары, лабораторияны көзөмөлгө албагандан кийин бул туура эмес да”, – деди президент Сооронбай Жээнбеков.

“Урматтуу премьер-министр, өзүңүздүн орун басарыңыздан баштап, министрден баштап тиешелүү мамлекеттик кызматкерлерге чара көрүңүз, баа бериңиз баарына тең!” – деп кайрылды президент өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге.

Эсиңиздерге сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 31-мартта, мамлекеттик органдардын катышуусу менен чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Коопсуздук кеңешинин жыйынында Коронавирус илдетинин таралышын токтотууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маселе каралды. Ыкчам штабдын жетекчиси — Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коронавирус илдетинин таралышын токтотууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маалыматтары угулду.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: