Menu

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча негизги күбө неге дайынсыз жоголду же Калыбек Салянов неге жалган көрсөтмө берген?

Бөлүшүү:

2014-жылы төбө чачты тик тургузган, бүткүл республика жарандарынын көңүлүн ооруткан кылмыш окуясы болуп өткөн. Тактап айтсак, 2014-жылдын жазында он гүлүнүн бир гүлү ачыла злек Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча резонанс жараткан кылмыш иши ачылбаган боюнча калган. Ички иштер министрлигинде андан бери бир нече министрлер алмашты, алардын бардыгы бул чуулгандуу кылмышты ача турганын убада кылышты, бирок ачылган жок. Ал ортодо бул кылмышты жасаган адам ММКлардан маалыматтарды окуп коюп, эркиндикте жүрсө керек.

Ал эми Камила Дүйшөбаеванын ата-энеси, тууган-уруктары дагы деле кылмышкер табылат болуш керек деген терең үмүт менен жашап келишет, дагы деле бажырайган кызынын элесин жогото алышпай, жүрөктөрү ооруп келет. Бул кылмыш иши кантип резонанс жаратып калганынын себеби да белгилүү. Анткени бул кылмышка адегенде шектүү ка­тары, андан соң жөн гана күбө ка­тары ошол убакта Баш прокурор болуп турган Аида Салянованын агасы Калыбек Саляновдун сурак бергени болгон. Анын айрым көрсөтмөлөрү тыңчылардын күмөн саноосун жараткан, себеби анын айткандарын негизги күбөлөрдүн бири жалганга чыгарган. Ошондон кийин эле ал негизги күбө табышмактуу жол менен жок болуп кетти. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери азыркыга чейин анын кайда жашап, эмне кылып жүргөнүн аныктай албай жүрүшөт. Эми төмөндө биз окуянын чоо-жайын кеңири баяндап берели.

К. ДҮЙШӨБАЕВА КИМ ЭЛЕ ЖАНА КАНДАЙЧА КЫЛМЫШ ОКУЯСЫ БОЛГОН?

Кыргызстандын ИИМинин расмий маалыматына таянсак, 2014-жылдын 16-мартында 18:30да Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн күзөт кызматына Аламүдүн районунун түндүк тарабындагы «Арка-Жал айылына» кеткен жолдун боюнан 20-25 жаштардагы азиат улутундагы кыздын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал жерге тез арада келген ыкчам-иликтөө тобу жансыз денени кароодо байкалаарлык жаракаттар бардыгы байкаган. Тактап айтсак, баш сөөктүн маңдайкы бөлүгүнүн сол тарабында 1,5 см келген жаракат болгон. Ошол эле күнү чогултулган маалыматтардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин l-бөлүгү (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде өлгөн кыздын ким экендиги аныкталган. Ал 1995-жылы жарык дүйнөгө кел­ген, Бишкек шаарында жашаган, Кыргыз-Россия билим берүү Академиясынын 3-курсунун сту­дента Камила Дүйшөбаева болуп чыккан.

Кошумча иликтөө аракеттеринин негизинде К. Дүйшөбаева 2014-жылдын 10-мартынан тарта дайынсыз жоголгондугуна байланыштуу издөөгө алынганы да анык болгон. Аны чоң атасы Дүйшөбаева Эшманбет Кененсариевичтин арызы менен издөөгө алышкан.

Камиланын чоң атасынын айтымында ал небересин акыркы ирет 2014-жылдын 10-мартында көргөн. Ошол күнү болжол менен саат 11:00 дө дипломдун сырты үчүн 300 сом сурап, окуусуна кеткен. Чоң апасы Арзыкан Мам­бетова небересинен эч кандай жаман адаттарды байкабаганын, бирок айрым учурларда суранып курбуларынын үйүндө калып калчу экенин айткан.

Камиланын бир тууганы Айжан Дүйшөбаева да аны акыркы ирет ошол жылдын 10-мартында эртең менен көргөн. Болжол менен саат 15:00дөрдө Камилага жигити Кылыч Турдуев телефон чалган. Анан Камила жигитине кеттим деп чыккан боюнча дайынсыз жоголгон, телефону да өчүрүлгөн. Жигити Кылыч да сарсанаа болуп, Камиланы курбуларынын үйүнөн издөөнү суранган. Бирок, аны курбулары да көрбөгөнүн айтышкан. Кечке маал Кылыч Турдуев үйүнө келип, милицияга кайрылууну сунуш кылган.

ИЛИКТӨӨЛӨР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Тыңчылар К. Дүйшөбаеванын телефондогу акыркы чалууларын аныктай башташкан. 2014-жылдын 10-мартында ал «Такси Удача 154» кызматына чалган. Саат 12:13тө К. Дүйшөбаеванын телефонуна жигити К. Турдуев чалган. Ал убакта Камила Кривоносова көчөсү тарапта болгон. Ошондон кийин анын телефону өчүп калган.

К. Турдуев сурак берүүдө Камиланы акыркы жолу ошол жылдын 8-мартында көргөнүн, достору менен бирге «Центр-Бар» кафесинде майрамдашканын, андан соң анын үйүнө чогуу барып түнөшкөнүн, эртеси болжол менен түшкө маал Камила өзүнүн үйүнө кеткенин айткан.

2014-жылдын 9-мартында К. Турдуев менен К. Дүйшөбаеванын телефондогу сүйлөшүүсүндө Камила курбусу Наргиза менен «Демократ» барына бара тур­ганын айткан. Болжол менен 00:30да Камила ага телефон чалган, бирок ал өзү «Мартини» кафесинде отурган үчүн телефон чалууну алган эмес. 2010-жылдын 10-мартында болжол менен саат 11:00до Камила К. Турдуевге телефон чалып, ага бара тур­ганын айткан, ошондон кийин эле анын телефону өчүп калган. К. Турдуевдин айтымында ал Камиланы кечке чейин күтүп, андан соң анын туугандарына кайрылган.

Суракка Камиланын курбусу Наргиза Урмалиева да тартылган. Анын айтымында ал Камиланы акыркы жолу 2014-жылдын 9-мартында «Демократ» кафе­синде көргөн. Алар экөө кафеде отурганда Камилага мурдагы жигити Нурлан телефон чалып жолугууну суранган. Бирок Ка­мила андан баш тарткан. Андан соң дагы бир телефон чалуу бо­луп, Камила сыртка чыгып кафе менен эсептешип, курбусу Н. Урмалиевага кафеден чыгалы деп сунуш кылган. Камила курбусуна ага келген байке 1000 сомду бергенин айткан. Ал байкеси кээде ага жардам берип турчу экен.

Окуя мына ушул жерден кызыйт. Кафеден чыгышкандан кийин кыздар кара түстөгү БМВ-Х5 үлгүсүндөгү автоунаага отурушат. Ал автоунаада 50 жаштардагы эки киши отурган. Айдоочунун аты «Калый» бол­гон. Алар Н. Урмалиеваны үйүнө жеткиришкен.

ЖАШ КЫЗДАРГА АКЧАЛАЙ «ЖАРДАМ» БЕРИП ТУРГАН «КАЛЫЙ» ЖЕ КАЛЫБЕК САЛЯНОВ

Ыкчам иликтөөчүлөр «Калыйдын» ким экенин бат эле табышат. Ал – Салянов Калыбек Элтуйбасович болуп чыккан. «Би Моторе» автосалонунда менед­жер болуп иштеген. Анан дагы ошол убакта башпрокурор болуп турган Аида Салянованын бир тууганы болуп чыгат.

К. Салянов сурак маалында Камила менен 2013-жылы таанышканын, ал Чолпон аттуу курбусу менен алардын офисине жумуш издеп келишкенин, бирок аларга ылайыктуу вакансия жок болгондуктан жумуш бере алышпаганын айткан. Андан сырткары Камила андан кез-кезде акча карызга сурап алып турганын, кайра кайтарып берчү экенин да кошумчалаган.

Ал эми 2014-жылдын 9-мартында ага Камила телефон чалып, «Демократ» кафесине 1000 сом алып келүүсүн суранган. Калыбек өзүнүн БМВ-Х5 автоунаасы менен барган. Жанында досу Адыл Эсенбеков болгон (ал убакта А. Эсенбеков Нарын облусунун губернатору болгон).

Акчаны алгандан кийин Камила кафе менен эсептешип чыгып, андан сон К. Саляновдун машинесине отурушкан. Курбусу Наргизаны үйүнө таштап, Камиланы болсо «40×40» кафе-караокесине жеткизип, анан үйүнө кеткенин Калыбек Салянов айтат.

Ал эми 2014-жылдын 10-мартында ал болжол менен кечки саат 22:30да досу Осунбек Жамансариев менен эки кызды алышып, саунага барышканын айтат. Осунбек Жамансариев да муну ырастап, алар менен барган кыздардын аттары Клара жана Мээрим болгонун айткан. Аларга саунада кызмат көрсөткөн аял 35 жаштардагы азиат улутундагы аял болгонун айтышкан.

К. САЛЯНОВ ЖАНА АНЫН ДОСУ МЕНЕН КЕЛГЕН ЭКИ КЫЗДЫН БИРИ КАМИЛА БОЛГОНУН САУНА КЫЗМАТКЕРИ ТААНЫГАН

Укук коргоо кызматкерлери ал саунада кызмат көрсөткөн аялды (администратор) бат эле табышкан. Анын аты Дилнура Назаркулова болуп чыккан. Ал ошол күнү саат 19:00дордо саунанын шаардык телефонуна эркек киши телефон чалып саунаны 3 саатка заказ кылганын айткан. Ошондон кийин 40-45 :жаштардагы (К. Салянова жана О. Жамансариев) эки киши 20- 1   25 жаштардагы эки кыз менен келишкен. Алар тамак-аштарын жана ичимдиктерин да ала келишкенин айтат.

Ал эми 2014-жылдын 13-мартында Д. Назаркулова телевиде­ние аркылуу Камила Дүйшөбаеванын дайынсыз жоголгонун, издөө салынганын көрүп, ал сүрөттөгү кызды К. Салянова жана О. Жамансариев менен келишкен эки кыздын бирөөсүнө өтө окшоштурган.

Сурак берүүдө Назаркулова К. Саляновадор менен келген эки кыздын бирөөсү Камила болгонун бекемдеп айтып берген. Анын айтымында саунага келишкенден кийин эки эркектин бирөөсү жана бир кыз кетүүгө камынышканын, экинчи кыз да кетүүнү каалаганы менен, аны саунада калган эркек жеткизе турганын айтышып, калтырышканын эске салган. Назаркулованын айтымына караганда саунадан биринчи кетишкендер О.Жамансариев жана дагы бир кыз болгон. Ал эми К. Салянов менен К. Дүйшөбаева калышкан. Бир нече убакыттан кийин ал кыз сыртка чыгып Назаркуловадан такси чакырып берүүсүн өтүнгөн. Ал убакта ал кыз мас абалында болгонун да билдирет. К. Саля­нова Камиланы спирт ичимдигин ичүүгө мажбур кылган. Бирок, К. Салянов ага такси чакырууга уруксат бербей, өзү жеткире тур­ганын айткан. Ошентип алар бир нече убакыттан кийин сыртка чыгышып, БМВ-Х5 автоунаасы менен кетишкен. Андан ары эмне окуя болгону түшүнүксүз. Натыйжада Камила издөөгө алынып, аягында жансыз денеси табылып отурат.

К. Салянов менен К. Дүйшөбаевдин саунадан чогуу чыгып кеткенин көргөн күбө Д. Назар­кулова жерге життиби?

Мына ушундай көрсөтмөлөрдү бергенден кийин эле Д. Назар­кулова табышмактуу жол менен таптакыр дайынсыз жоголгон. Тыңчылар аны таппай калыш­кан. Аларга келген маалыматка Караганда күбө Назаркулова Д. А. учурда Өзбекстандын территориясында, Жалал-Абад облусу менен чектешкен айылда туугандарыныкында жашап атат.

Д. Назаркулованы издөөгө алууга кошулган Кыргызстандын чек ара кызматы, Назаркулова Дилнура (Диляфруз) Атахамжановна чек арадан өткөн эместигин билдирет. Табышмактуу жол менен Назаркулова Д. А.нын маалыматтары Мамлекеттик каттоо кызматынын базасынан да жок болуп кеткенин айта кетели.

Бул кылмыш иши боюнча иликтөө токтоп калды, бирок азыркыга чейин К. Салянов эмнеге жалган көрсөтмө берген деген суроо илинип турат. Мындан сырткары дагы көптөгөн суроолор бар. Эмнеге Д. Назарку­лова менен Калыбек Саляновду бетме-бет жолугуштуруу болгон эмес? Эмнеге ошол 2014-жылдын 10-мартында Камила Дүйшөбаева менен бирге саунада болгон кызды суракка чакырышпаган? Эң башкысы ким негизги күбөнү (Д. Назаркулованы) тергөөдөн жашырып койду? Аида Салянова ошондо кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, агасы Калыбекти бар күчү менен коргоого алган болобу? Эгерде ошондой болсо, анда он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе жарык дүйнө менен кош айтышкан Камила Дүйшөбаеванын убалы кимге? Деги эле мыйзамды туу туткан Аида Салянова бир тууганын коргошу мүмкүнбү? Суроо көп, жооп жок…

Редакциядан: Жогорудагы материал орус тилдуу сайттардын биринде жарык көргөн макаланын негизинде даярдалды. 

Алтынбек ДАВЛЕТОВ

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: