Эртең, 15-декабрда Улуттук илимдер академиясында Кыргыз АССРинин 90 жылдыгына, Кыргыз ССРинин 80 жылдыгына арналган “Абдыкадыр Орозбеков: Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрүнүн бири” илимий-практикалык конференция өткөрүлөт. Бул тууралу КР Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдирет.
Конференцияга Өкмөттөн, Тарых жана маданият жылын өткөрүүчү дирекциядан, Жогорку Кеңештен өкүлдөрдүн, окумуштуулардын, коомдук ишмерлердин келүүсү күтүлүүдө.
Иш-чарада Кыргызстандагы мамлекеттүүлүккө жаңыча көз караш, белгилүү инсан Абдыкадыр Орозбековдун саясий лидер катары калыптанышы, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы, тарых жана бүгүнкү күн, Мамлекеттик тил саясаты, Советтик бийлик жана Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусунда элитанын ролу ж.б. темаларга арналган билдирүүлөр болот.
Иш-чараны КР УИА, Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция, КР Президентинин аппаратына караштуу “Мурас” фонду, Абдыкадыр Орозбаков коомдук фонду биргелешип өткөрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ