Шаршембиде Парижде Сириянын Алеппо шаарын колдоо белгиси катары Эйфел мунарасынын жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу Франция борборунун мэри Анн Идальго билдирди.
Анын айтымында, бул символикалуу белги эл аралык коомчулук үчүн аракеттерди көрүү чакырыгы болот. Бейшембиде Париж мэриясынан Алеппого медициналык жабдуулар жана дары-дармектер жүктөлгөн гуманитардык жүк жөнөтүлөт.
13-декабрда тараптар Орусия менен Түркиянын ортомчулугу алдында жарашуу жана көтөрүлүшчүлөр менен жай тургундарды Алепподон эвакуациялоону баштоо боюнча макулдашууга келишкен. Шаршембиде атышуулар кайра башталып, каршылашып жаткан тараптар бири-бирин макулдашууну бузуп жатат деп айыпташты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ