Menu

Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева Бүткүл россиялык судьялар съездине катышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева жана Жогорку соттун судьясы Дильфуза Боронбаева Москва шаарында өткөн Бүткүл россиялык судьялардын IX съездинин ишине катышышты.

Бүткүл россиялык судьялардын IX съездинде Россия Федерациясынын Президенти жана жогорку соттордун төрагалары сөз сүйлөштү. Россия Федерациясынын Жогорку сотунун Төрагасы Вячеслав Лебедев делегаттар жана келген меймандарга ыраазычылык билдирип, “Бул съезд маанилүү коомдук-саясий окуя экендигин белгилеп, съезд жалпы юрисдикциядагы соттордун, арачылык соттордун иштеринин жыйынтыгын чыгарат жана Россия Федерациясынын сот тутумунун мындан аркы өркүндөтүү стратегиясын аныктайт”, – деди.

Бул съезд сот тутумунун абалына, анын келечектеги өнүгүшүнө, соттордун ишмердигин  өркүндөтүү боюнча чараларга байланышкан маселелерге арналган. Анын жүрүшүндө делегаттар сөз сүйлөштү, РФтин Судьялар кеңешинин, РФтин Судьялардын жогорку квалификациялык коллегиясынын, судья кызматына квалификациялык сынакты кабыл алуу боюнча Жогорку сынактык комиссиясынын жана РФтин Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин иши тууралуу отчеттор жана мандат комиссиясынын баяндамасы тартууланды. 2012-жылдын 19-декабрындагы Бүткүл россиялык судьялардын VIII съездинде бекитилген судьялык этика Кодексине, Бүткүл россиялык судьялардын съезди жана РФтин Судьялар кеңешинин регламенттерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жана башка маселелер дагы каралды.

Буга кошумча РФтин Судьялар кеңешинин пленардык отуруму (жетекчи органдарды тандоо), РФтин Судьялардын жогорку квалификациялык коллегиясынын (жетекчи органдарды тандоо) жана судья кызматына квалификациялык сынакты кабыл алуу боюнча Жогорку сынактык комиссиясынын отурумдары (жетекчи органдарды тандоо) болуп өттү. Иш-чара съезддин жыйынтыктоочу документтерин кабыл алуу менен аяктады.

Съезддин ишине 780 делегат катышты: жогорку россиялык сотторунун, федералдык жалпы юрисдикциядагы, арачылык жана аскер сотторунун, Россия Федерациясынын субъекттеринин конституциялык (уставдык) сотторунун өкүлдөрү.

Мындан тышкары, кыргыз фемида башчысы А. Токбаева экономика алкагындагы иштер боюнча талаш-тартыштарды чечүүчү жогорку арбитраждык, чарбалык, экономикалык жана башка соттордун Төрагалар Кеӊешинин он үчүнчү отурумуна катышты. Төрагалар Кеӊешинин отурумунун ишине Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы К. Мами, Беларусь Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы В. Сукало, Россия Федерациясынын Жогорку сотунун Төрагасы В. Лебедев, Тажикстан Республикасынын Жогорку экономикалык сотунун Төрагасы Н. Мансурзода, КМШнын Экономикалык сотунун Төрайымы Л. Каменкова жана КМШнын аткаруу комитетинин өкүлдөрү жана башкалар катышышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: