Menu

Тумандан улам чек арадан өткөн үч кыргызстандык Өзбекстанда кармалды

Бөлүшүү:

Ала-Бука районунда жоголгон үч кыргызстандык тумандан улам Өзбекстандын аймагына өтүп кетишип, коңшу өлкөнүн чек арачылары тарабынан кармалышкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматы боюнча учурда кыргызстандыктар Чуст РИИБсинде кармалып турушат, ден соолуктары канааттандыраарлык. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өзбек тарап кармалган жарандарды жакынкы убактарда өткөрүп берүүнү убадалаган.

Маалымдалгандай, 14-декабрда Ала-Бука РИИБсинин кызматкерлери дайынсыз жоголгон үч жаранды издөөгө көмөктөшүү өтүнүчү менен чек арачыларга кайрылышкан. Кыргыз чек арачылары өзбек кесиптештеринен жардам сурашкан. Жыйынтыгында 11-декабрда жоголгон жарандар чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кармалгандыктары белгилүү болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: