Баку менен Ашхабад талаштуу «Кяпаз»/«Сердар» көмүрсуутек кенинин кимге таандык экендиги боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Бул тууралуу Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Халаф Халафов билдирди.
Ал бул боюнча дайыма сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кеңешмелер өткөрүлүп жатканын айтты.
«Бирок бул багытта толугу менен бир пикирге келе албай жатабыз», – деп билдирди Халафов шейшембиде журналисттерге.
Азербайжан «Кяпаз», Түркмөнстан «Сердар» деп атаган кен 1959-жылы ачылып, 1986-жылы анда бургулоо иштери башталган. Советтер Союзу таркагандан кийин Түркмөнстан кендин азербайжан тараптын көзөмөлүндө болушуна каршы чыгып, ошондон бери анын иши токтоп турат.
Эки өлкө тарабынан 2008-жылы кол коюлган макулдашууга ылайык, Каспийдин макамы аныкталганга чейин «Кяпаз»/«Сердар» кенинде эч кандай геологиялык чалгындоо жана бургулоо иштери жүргүзүлбөшү керек. Талаштуу кендин запасы 50 миллондон 100 миллион тоннага чейин мунай жана 30 миллиард куб метр газ деп бааланып келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ