Menu

«Кыргыз Темир Жолу» улуттук компаниясы» ишканасынын жетекчилигин дайындоодо КР Президентинин жана Премьер-министринин мыйзам бузуулары жөнүндөгү «Ата Мекен» партиясынын Билдирүүсү

Бөлүшүү:

Мамлекеттик органдардан укуктук мамлекеттин идеяларын тез арада жүзөгө ашырууну жана кыргыз элинин гана жыргалчылыгы үчүн иштөөнү талап кылуу менен, «Ата Мекен» социалисттик партиясы Кыргызстан ушул убакка чейин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын чегинен тышкары жашап жана башкарылып жатканын билдирет.

2010-жылга чейинки жаман адаттардан арылуу аракеттеринен эч кандай майнап чыккан жок. Кыргызстан саясий истеблишменттин басымы аркасында, тилекке каршы,  эски нукта эле жашап жатат.

«Ата Мекен» социалисттик партиясы айрым мамлекеттик бийлик органдарынын көңүл коштук менен «Баш мыйзамды» бузуп жатканын коомчулукка байма-бай маалымдап келет. «Ата Мекен» парламенттик фракциясы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу боюнча маселени иликтеп жатып, президент Алмазбек Атамбаевдин өз конституциялык ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кеткен дагы бир фактыны таап чыкты.

Атап айтканда, «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын Уставы Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» конституциялык Мыйзамга карама-каршы келет.

Аталган Уставдын 52-пунктунда: «Компаниянын ишин Компаниянын башкы директору башкарат, аны Кыргыз Республикасынын Президентинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана бошотот», – деп көрсөтүлгөн.

Мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын чектеген Баш мыйзамдын жоболорунда уюм-мекемелердин башчыларын дайындоодо президент менен «мындай макулдашуулар» жок. Мындан сырткары, азыркы Конституцияда мамлекеттик менчик объектилерин башкаруу боюнча чараларды ишке ашыруу Өкмөттүн ыйгарым укуктарына кирет.

Алмазбек Атамбаевдин конституциялык ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып жатканын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» конституциялык Мыйзамы да бекемдейт. Анын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 27-пунктунда мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин Премьер-министр дайындары жана бошотору айтылган.

Кыргызстандын Президентинин пайдасына Премьер-министрдин өзүнүн айрым ыйгарым укуктарынан «өз ыктыяры менен» баш тартуусуна жол берилбеш керек. Ошондой эле президенттин ыйгарым укуктарына мындай «сый-урматты» кошуп алуусу узурпацияга табийгый түр берип жатат.

Ошондуктан, «Ата Мекен» социалисттик партиясы талап кылат:

–  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын Уставын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына дал келтирсин;

–  Кыргыз Республикасынын Президенти өз ишин аткарууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын гана жетекчиликке алсын жана 2010-жылдагы окуяларды эске алуу менен, ушул кезге чейин уланып келе жаткан жаман адаттардан баш тартсын.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: