«30-июль өлкө боюнча Жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланат. Бул боюнча тиешелүү Жарлык чыгат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июлда, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.
Мамлекет башчысы дагы бир ирет каза болгон мекендештердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
«Ар бир кыргызстандыктын башына келген кыйынчылык, оор жоготуу менин жүрөгүмдө. Чоң жоготууга туш болгон мекендештериме сабыр тилейм, кайрат тилейм. Пандемияда каза болгон жарандардын бейиши болсун дейм», -деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ