Menu

Динара Суймалиева, Данияр Нарымбаевдин жубайы: “Калп маалымат айтып, күйөөмдү коррупционер атагандарды сотко берем”

Бөлүшүү:

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин жубайы  Динара Суймалиева элге калп маалымат, ушак тараткандыктары үчүн граждандык активисттерди сотко бермей болуп жатат. Бул тууралуу 24.kg  маалымат агенттигине билдирген.
Анын айтымында, жакында эле Роба Тураева деген аял менен Нариман Түлеевдин мурдагы коомдук коргоочусу Качкын Булатов маалымат жыйынын уюштуруп, Данияр Нарымбаевди коррупционер катары аташып, Алмазбек Атамбаевди  “аны актабоого” чакырган. Айткандарына далил иретинде тигил экөө “Данияр Нарымбаевге тиешелүү” деп өздөрү эсептешкен мүлктөрдү санап, мисал келтиришиптир.
“Бирок алардын айткандарынын баары жалган, калп. Алар санаган мүлктөрдүн ичинен бар болгон мүлк – менин жашап жаткан батирим гана. Мен ал батирге Нарымбаевге күйөөгө чыкканга  чейин, 1998-жылы эле ээ болгомун. Алып-сатуу боюнча келишимде ал эки батир деп жазылган, анткени, мурун ал батир бири эки бөлмөлүү, экинчиси бир бөлмөлүү батир болуп, кийин гана бириктирилип, ошол бириктирилген батир да расмий катталган. Биз мына ошол батирде жашайбыз. Калган мүлктөрдүн баары – азыркы учурда бизге жардам берип жаткан адамдардын мүлктөрү. Мисалы, соттук процесстерге мени үй-бүлөбуздүн ынак достору Канат Хасанов менен Өкмөтбек Алмакүчүков машинеси менен алып келип, алып кетип турат, Хасановдун өзүнүн “Мерседес-Бенц” унаасы, Алмакүчүковдун өзүнүн “Лексус” автоунаасы бар, алардын машинеси биздики эмес да, алардын өзүнүкү. Булатов менен Тураева санаган мүлктөрдүн арасында жолдошум Нарымбаев экөөбүздүн Алмакүчүковго тиешелүү бизнесте үлүшүбүз бар имиш, эми бул да калп. Квартиралар тууралуу да көп сөз айтышыптыр. Бир квартира Даниярдын тууганы Бахтияр Нарымбаевге таандык, ал киши ошол батирине 2001-жылы ээ болгон, менин жолдошум Данияр тек гана ал жерге  катталган. “Толубай Ата көчөсүндө да үйү бар” деп жазышыптыр, ал бир бөлмөлүү үйдө жубайы менен ажырашкандан кийин 2013-жылга чейин эле жашаган. Кийинчерээк биз аны сатканбыз, бул маалыматка кызыгышса, мамлекеттик каттоо кызматынан текшертишсе болот.
Биз ошол маалымат жыйыны учурунда тигил кишилер айткан баардык мүлктөр боюнча документтерди көрсөтүп, ал мүлктөр кайсы учурдан баштап, кимге тиешелүү болгондугунан бери далилдүү көрсөтүп бердик, себеби, бул маалымат жыйынында эмнелер айтылаары боюнча аталган маалымат агенттиги коомчулукка алдын-ала эле жар салышкан болчу да. Бирок, негедир биздин берген далилдүү документтер боюнча маалымат агенттиги эч нерсе жазбаптыр. Болгону Булатовдун пикирин гана жарыялап коюшканына таң калдык. Мындан тышкары, Булатов “Түштүк магистраль жакта Нарымбаев жана анын жубайына караштуу 250 квадрат өлчөмдү ээлеген элиталык үйү бар” деп да жулкунду. Чынын айтайын, эч убакта биздин “элиталык үйүбүз” болгон эмес. Мен бул маалыматтарды сот аркылуу төгүндөтүү ниетим бар” деди Динара Суймалиева.
Буга улай Данияр Нарымбаевдин укугун коргоп жаткан юристтер менен акылдашып, кеңешип Булатовдор айткан жалган маалыматтар боюнча сотко кантип кайрылуу керектигин кеңешип, сот аркылуу акыйкаттыкты коомго жеткирээрин билдирди.
“Жалган маалыматтарга таянып, ал адамдар менин жолдошумду коррупционер катары аташып, ошол дымактары менен сотко жана бийликке басым жасашып, күйөөмдүн камалышы керектигин айтышууда” деп оюн жыйынтыктады Динара Суймалиева.
P.S. Айта кетсек, Нариман Түлеевдин таламын талашып жүрүшкөн Качкын Булатов менен Роба Тураева өткөргөн маалымат жыйынына президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевдин жубайы Динара Суймалиева, Нарымбаевдин  жакын досу Өкмөтбек Алмакүчүков жана адвокат Хасанов да келишип, маалымат  жыйыны  учурунда айтылган мүлктөр боюнча далилдүү бүт документтерди көрсөтүшүп, К.Булатовдун бетине карап калп айтып жатканын билдиришкен. Суймалиевнын айтымында, Булатов жүйөлүү кеп айта албай, кайдадыр качып-житип кеткен соң, Роба Тураева “документтерди окубагандыгын, бул жакка Качкын Булатовго таянып келгендигин, албетте, кур ооз жалаа жабуу туура эмес экендигин” билдирген.
Булак: “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: