Таласта мал уурулукка шектелген үч адам кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИББнин басма сөз кызматы бүгүн, 20-декабрда билдирди.
Алардын айтымында, 13-декабрда Кызыл-Туу айылынын тургуну милицияга кайрылып, короосунан байланып турган эки жылкысын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин айткан. Кылмышка шектелип 16-декабрда С.У., А. А. жана С.Э. аттуу адам кармалган. Жылкылар шектүүлөрдүн бирөөсүнүн үйүнөн табылып, ээсине кайтарылган. Аталган факты боюнча, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ