Menu

Ала-Букада жүргүзүлгөн 3 күндүк «Тартип» рейди жыйынтыкталды

Бөлүшүү:

Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктун, бузуулардын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо багытында уюштурулган 3 күндүк рейд жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анын алкагында айдоочулардын жолдо жүрүү эрежелерин көзөмөлдөө, жарандар тарабынан коомдук жайларда санитардык нормалардын сакталуусун жөнгө салуу жана коронавируска каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Иш-чара 2 этаптан түзүлүп, аба-ырайынын катаал шартына карабастан ийгиликтүү ишке ашырылган.

Биринчи этабында Ала-Бука районунун Өрүктү, Орто-Токой, Достук, Сары-Талаа айылдарында жана Чолок-Тума участкасында РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте посттор уюштурулуп, ар бир турак үйлөрдө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, мүлк жана мал уурулуктун алдын алуу багытында маалыматтар жеткирилип, коронавирустан сактануу керектиги эскертилген.

Экинчи этабында түнкү мобилдик топтор түзүлүп, Ала-Бука, Өрүктү, Ак-Там айыл аймактарында, район борборунда жана Жаңы-Шаар, Алма-Бак, Сары-Талаа участкаларында рейддер жүргүзүлгөн. «Тартип» операциясы учурунда жалпы 2450 адамды камтыган 815 кожолук текшерүүгө алынып, райондук ички иштер бөлүмүндө даярдалган атайын эскертме баракчалары таратылган.

Аталган иш-чаранын натыйжасында 1 жаран атасынан калган сайсыз ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырган. Коомдук жайда спирт ичимдигин ичип алып, мас абалда жүргөндүгү үчүн 1 адамга протокол түзүлгөн. Алимент төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн издөөгө алынган 1 жаран кармалып, тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилген.

Мындан сырткары ишенип берилген мүлктү ыйгарып алууга жана алдамчылыкка шектелип 2 жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: