Menu

Алепподо он миңдеген адам эвакуацияны күтүп жатат

Бөлүшүү:

Алеппонун чыгыш бөлүгүндө 50 миңдей адам калууда. Алардын ичинен 40 миңден ашууну жергиликтүү жашоочулар, калгандары – көтөрүлүшчүлөр жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү. Бул тууралуу бейшемби күнү кечинде БУУнун атайын чабарманы Стаффан де Мистура билдирди.

Анын айтымында, эвакуация Асаддын армиясына каршы күрөшкөн куралдуу топтордун көзөмөлүндөгү Идлиб шаарына багытталышы мүмкүн. БУУнун атайын чабарманынын пикиринде, элдешүү боюнча саясий келишим кабыл алынбаса, Идлиб дагы Алеппонун кейпин кийип калышы мүмкүн.

Бүгүн, 16-декабрда БУУнун Коопсуздук кеңеши Алепподогу кырдаалга байланыштуу чукул жыйын өткөрөт. Жыйынды өткөрүүнү Франция суранган. Өлкө Сирияга эл аралык байкоочулар тобун жөнөтүүнү талап кылып жатат. Алар жай тургундардын көчүрүлүшүнө жана гуманитардык жардамдын жеткирилүүсүнө көз салышы керек. Франциянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн айтымында, Париж өз демилгесин Коопсуздук кеңешине кирбеген Германия менен макулдашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: