Menu

Фото – Жаш илимпоздор арасында “Манас” эпосу боюнча сынак өттү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыяланган “Манас” эпосун изилдөө боюнча “Манас” эпосу – кыргыз тарыхынын, тилинин, маданиятынын соолбос булагы” аттуу сынак 2016-жылдын 16-декабрында А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында жыйынтыкталды.

Сынакка келип түшкөн илимий иштердин арасынан калыстар тобу Кыргыз-Түрк Манас университетинин окутуучусу Усеев Нурдиндин “Манас” эпосу жана Орхон-энесай жазма эстеликтери” аттуу эмгегин баш байгеге татыктуу деп табышкан. Ал эми 1-орунга Качкынбай кызы Айгүл (Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери) “Манас” жана манасчылык Ч.Айтматовдун көркөм дүйнөсүндө” аттуу эмгеги менен, 2-орунга Өмүралиева Жанар (Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери) “Манас” эпосунда элдик дарылоонун ыкмалары жана анын мааниси” аттуу эмгеги менен ээ болуп, 3-орун Абдимиталип уулу Нурсултанга (Кыргыз-түрк Манас университетинин магистранты) “Кыргыздарда жана Караханиддерде баланын төрөлүшүнө байланыштуу ырым-жырымдар” аттуу илимий иши үчүн ыйгарылды. Эмгектерди кароодо калыстар тобуна берилген илимий иштердин авторлорунун аты-жөнү жашырылып, номерлер менен белгиленип, купуя түрдө берилген. Калыстар тобунунун төрагасы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратов сынакка 10 эмгек келип түшсө да кубантарлык экенин, себеби жаштардын арасында да Манасты изилдөөчүлөрдүн катарын толуктай турчулар бар экенин билдирди.

Ошондой эле иш чарага “Саякбай манасчы” коомдук фондунун төрагасы С.Ибраев аталган фонддун атайын сыйлыктарын жеңүүчүлөргө тапшырып жатып, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюштурган бул сынак колдоого аларлык чоң иш экендигин белгилеп өттү.

Иш чара белгилүү манасчы Рысбай Исаковдун Манас айтуусу менен жыйынтыкталды.

Эске сала кетсек, сынак “Тарых жана маданият” жылынын алкагында Мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, “Манас” эпосун кеңири даңазалоого түрткү берүү, тил, тарых, маданият дөөлөттөрүн тереңдетип иликтөөгө шарт түзүү жана Мамлекеттик тилде изилдөө жүргүзгөн изденүүчү-аспиранттарга колдоо көрсөтүү максатында жүргүзүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: