Menu

Өзбекстанда кармалып турган эки жаран кайтарылды

Бөлүшүү:

Экөөнүн тең саламаттыгы жакшы. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, үчүнчү жаран да жакынкы күндөрдө кайтарыларын өзбек тарап билдирүүдө. Бул үчүн анын тек-жайын тастыктаган документтери талап кылынууда.

11-декабрда автоунаада бара жаткан үч кыргызстандык жаранды Өзбекстандын чек арачылары кармашкан. Алар тумандан улам жолдон адашып кетишкенин маалымдашкан. Ошондон бери кармалган кыргызстандыктар Өзбекстандын Наманган облусундагы Чуст райондук ИИБда кармалып турушкан.

Кыргызстандык жарандардын кармалганына байланыштуу Мамлекеттик чек ара кызматы өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: