Башкы прокуратура Бишкек шаарында автоунааларды эвакуациялаган фирмага байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 304 жана 166-беренелери (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Алдамчылык”) боюнча иш козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл мекемеси билдирди.
Маалыматта тергөө учурунда Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы борбор калаада автомашиналарды ташуу кызматына тендерди мыйзамсыз өткөргөндүгү тууралуу айтылган. Алгач бул кызматтын наркы 1 сом деп көрсөтүлсө, андан кийин бир фирма менен 1 350 сомго келишим түзүлгөн.
Мындан сырткары, 2018-жылдагы июнь айында ыкчам издөөнүн натыйжасында, жол эрежесин бузган автоунааларды айып короосуна ташылып келинген машиналар тиешелүү суммадагы акчаны төлөбөй чыгарылып жиберилгени такталган. Жыйынтыгында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Текшерүү иштери Башкы прокуратура Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте жүргүзгөн. Тергөө иши тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ