Menu

Өзгөн районунун Мырзаке айылында жайгашкан “Абдираим кары” медресесинде кыздар үчүн курулган 2 кабаттуу окуу корпусу ишке берилди

Бөлүшүү:

Кечээ, 18-декабрь күнү Өзгөн районунун Мырзаке айылында жайгашкан “Абдираим кары” медресесинин кыздар үчүн курулган 2 кабаттуу окуу корпусу жатканасы менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Аталган имараттын ачылышына Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, КРнын ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык өкүлү Исакбай Мурзабеков, жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын  өкүлдөрү катышышты.

Ачылыш аземде жалпы коноктор куттуктоо сөз сүйлөшүп, жергиликтүү элди медресенин кыздар бөлүмүнүн жаңы корпусунун ачылышы менен куттукташып, аталган имаратта окуп, тарбияланган кыздар келечекте коомго пайдалуу, адеп-ахлагы бийик уул-кыздарды тарбиялап  өстүрүүсүнө чоң тарбиялык мектеп болоорун белгилешти. Андан соң Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жана аталган медресенин мүдүрү Абдрахман кары Атабаев тарабынан имараттын курулушуна салым кошкондорго ардак грамота жана ыраазычылык барактар тапшырылды.

Ачылыш аземден кийин жалпы коноктор имараттын ичиндеги окуу жана компьютердик класстары, тигүү жана ашпозчулук кааналары, жатакана бөлмөлөрү жана жууну үчүн түзүлгөн заманбап шарттары менен таанышып, жогорку бааларын беришти.

Эскерте кетсек, жергиликтүү жана чет элдик демөөрчүлөрдүн колдоосунда жогоруда аталган кыздар медресесинин жаңы окуу корпусунун жатаканасы бир убакта 70 окуучу кыз жашоого ылайыкташтырылып курулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

Комментариялар

Диана
3 years артка

Мени кызым ото жакшы ,Сулу,акулду,хочу что бы она читала намаз

Комментарий калтыруу Диана Жауапты болдырмау

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: