Menu

Путин: Москва элчи Карловду өлтүрүүнүн артында кимдин турарын билиши керек

Бөлүшүү:

Москва Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловду өлтүрүүнүн артында кимдин турарын билиши керек, деди орус президенти Владимир Путин.

Ал окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө иштерине катышуу үчүн Анкарага орусиялык өкүлдөр жөнөтүлөрүн билдирди.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Орусия президенти атайын кеңешмеде элчи Карловдун өлтүрүлүшүн Сириядагы абалды жөнгө салуу аракеттерин үзгүлтүккө учуратууга багытталган чагым деп атады.

Буга чейин ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова Москва элчинин өлтүрүлүшүн теракт деп эсептей турганын билдирген. Түрк бийлиги элчиге карата ок чыгарган адамдын мурда полицияда иштегенин ырастады. Окуядан кийин ал өлтүрүлгөн.

Анкарадагы кол салуудан жаракат алган Андрей Карлов оор абалында ооруканага жеткирилип, көп өтпөй каза болгон. Окуя ал Заманбап искусство галереясындагы «Орусия түрктөрдүн көзү менен» аттуу көргөзмөдө сүйлөп жаткан маалда болгон.

Андан сырткары дагы үч адам жеңил жаракаттарды алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: