Menu

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Эски бийликтин өкүлдөрү өз жандарынан корко башташты”

Бөлүшүү:

– Табылды мырза, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев менен Асылбек Жээнбековдун бири-бирине ка­рата айткан пикирлерин кандайча чечмелээр элеңиз? Мунун артында Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун конфронтациясы канчалык деңгээлде экенин билүүгө болот?

– «Кыңыр иш кырк жылда билинет» деген сөз бар. ТЭЦте авария болуп, андан соң коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда коррупцияга каршы чоң сокку урулгандан улам эски бийликтин өкүлдөрү өз жанынан корко баштаса ке­рек. Ошондон улам өтө алысты мелжеген план иштеп чыгышкандай. Биринчиден, Асылбек Жээнбековго атака коюп, аны мандатынан ажыратып, президент Сооронбай Жээнбековду алсыздантуу. Коррупция менен күрөштү ооздуктоо ж. б. Экинчиден, парламентти толук бойдон көзөмөлгө алуу. Мурдагысындай бөжөңдөтүп, депутаттарды өз кулдарындай кылып өздөрү каалаган мыйзамдарды, чечимдерди токутуп, өздүк кадрларын бекитип, кызматтан кызматка жылдырып турууну көздөшсө керек. Б.а. бийликти толугу менен көзөмөлгө алуу. Үчүнчүдөн, эгер ыңгайы келип калса, Жогорку Кеңешти таратып жиберип, кайрадан парламентке келүү жана бийликти толугу менен өз колдоруна алуу. Кыязы, мына дал ушундай сценарийлер каралып, эски бийликтин кадрлары бийликке келүү жолун чийгилеп жаткандай. Атамбаев чоң саясатка баргысы келбесе да, аны көндүрүп алып, шугулдануу күч болсо керек. Эски бийликтин өкүлдөрү өз таасирлерин жоготуп албаш үчүн баардык болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, бийликте сакталып калуу үчүн жан үрөп жатышат.

Ийгилик БОЛСУНБАЕВ

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: