Menu

Шайлоочулар коллегиясы Трампты расмий түрдө АКШ президенти кылып шайлады

Бөлүшүү:

Дүйшөмбүдө Дональд Трамп шайлоочулар коллегиясы тарабынан расмий түрдө АКШ президенти болуп шайланды.

Шайлоочулар коллегиясы Трамп добуштардын көбүнө ээ болгон бардык штаттарда аны колдоп, 8-ноябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын ырасташты. Жалпысынан Трамп үчүн 304 добуш берилди, болгону Техас штатындагы шайлоочулар коллегиясынын республикачы эки мүчөсү гана аны колдогон жок.

Демократ Хиллари Клинтон 227 добуш алды. Вашингтон штатында шайлоочулар коллегиясынын демократ 4 мүчөсү ал штатта жеңишке жеткен Клинтонго эмес, башка адамдарга добуш беришти. Гавайи штатында бир добуш Клинтондун праймериз боюнча атаандашы Берни Сандерске берилди.

Шайлоочулар коллегиясынын саны АКШ Конгрессинин эки палатасынын мүчөлөрүнүн санына – 538 адамга барабар. Ар бир штат калкынын санына жараша көрсөтүлөт. Президент болуп шайлануу үчүн 270 добуш зарыл.

АКШдагы быйылкы президенттик шайлоо Демократиялык партияга жасалган компьютердик чабуулдарга байланышкан ызы-чуулар менен коштолгон. Мындан улам айрым активисттер шайлоочулар коллегиясынын республикачы мүчөлөрүн Трампты колдоодон баш тартууга чакырышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: