Кечээ, 19-декабрда Анкарада Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловду атып өлтүргөн адамдын аты жөнү Мевлюд Мерт Алтынташ болгон, жашы 22де болуп түрк полициясында кызмат кылган. Бир маалымат боюнча ал бүгүнкү күнгө чейин да полицияда иштеген. Ал эми бир маалымат боюнча Фетхулах Гюлендин уюмуна тиешеси бар деп быйыл оңунан чыкпаган мамлекеттик төңкөрүштөн кийин полициядан кызматтан кетирилген.
Мевлюд Мерт Алтынташ элчини аткандан кийин качкан эмес жана “Мен бул жерден өлмөйүнчө тирүү кетпейм! Силер Сирияда, Аллеподо балдарды өлтүрүп жатсаңар, биз силерди бул жерде өлтүрөбүз!” деп түркчө жана арабча кыйкырган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ