АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Венадагы жолугушуусунда эки өлкө ортосундагы маселелерди чечүү боюнча бирдиктүү билдирүү жасалган жок.
Тиллерсон ЕККУнун ТИМ башчыларынын кеңешинин алкагындагы бейрасмий сүйлөшүүлөр боюнча журналисттерге кеңири маалымат берүүдөн баш тарты.
Эки башкы дипломат Сирия менен Украинадагы абал, Түндүк Кореянын айланасындагы маселелер жана эки тараптуу мамилелерди талкуулашмак.
Буга чейин Тиллерсон Москва Украинанын чыгышынан жана Крымдан аскер күчтөрүн алып чыгып кетсе, Кошмо Штаттар Орусияга каршы санкцияларды аларын белгилеген.
АКШнын мамкатчысы ЕККУнун жыйынында сүйлөп жатып, Украинанын чыгышындагы зомбулуктун күчөшүнө Орусия күнөөлүү экенин жана муну тезинен токтотуу зарылдыгын айтты.
Москва айыптоолорду четке кагууда. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “бардык жоопкерчилик Украинанын өзүндө” деп жарыялады.
Украинадагы куралдуу жаңжал 2014-жылдан бери 10 миңден ашуун кишинин өмүрүн алып кетти.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ