Menu

Ислам Каримовдун бейитинде мавзолей орнотулат

Бөлүшүү:

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун Самарканддагы бейитинде мавзолей орнотулат. Атайын түзүлгөн комиссия 19-декабрда маркумдун кичи мекенинде орнотула турчу “Ислам Каримовдун мемориалдык комплексинин” макетин талкуулашты.

Өзбекстандын Сүрөт академиясынан кабарлашкандай, сынга эки макет коюлду. Бири Сапармурат Түркмөнбашынын мавзолейине окшош, экинчиси имам Аль-Бухаранын мунаралуу мемориалдык комплексине түспөлдөш. Экөөнө тең ак жана көгүлтүр өң берилген.

Комиссия эки макетти тең карап чыкты. Бирок бир пикирге келишкен жок. Буга байланыштуу Өзбекстандын дин башкармалыгы менен биргеликте үчүнчү варинатты иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Акыркы үч айдан бери көптөгөн мамлекеттердин башчылары жана жогорку кызматтагы чиновниктер Самаркандга келип, Ислам Каримовду эскеришүүдө. Учурда Каримовдун Шахи-Зинда комплексиндеги бейитинин үстүндө убактылуу чатыр тигилген.

Мавзолейди куруу үчүн мамлекеттик бюджеттен канча каражат бөлүнөрү белгисиз. Мындан тышкары Самарканд жана Ташкентте Ислам Каримовго эстелик орнотулат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: