Menu

Түркмөнстанда чылым сатып алуучулар полицияга чабуул жасады

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын мамлекеттик дүкөндөрүндө кайрадан чылымдар пайда болуп, ири кезектерди жаратууда. Айрым учурда кардарлар менен укук коргоо органдарынын ортосунда жаңжал чыгууда.

Өткөн жумада бир жарым айлык тыныгуудан кийин Ашхабаддагы мамлекеттик дүкөндөрдө чылымдар пайда болду. Алардын баасы 19 манат (5,5 АКШ доллары) турат. Бирок кезекке турган жүздөгөн адамдын ичинен он чактысы гана чылым сатып алууга үлгүрдү. Мындан тышкары бир кишиге бир куту гана чылым сатылат, аялдарга болсо такыр эле тыюу салынган.

“Суроо-талап көп болгондуктан, дүкөн текчелериндеги чылымдар 40 мүнөттөн кийин эле түгөнүп калууда. Ага карабай, кезекте эң аз дегенде 200 киши турат”,-деди сатып алуучулардын бири.

Жекембиде Дашөгүз облусунда кезекке тургандар менен полициянын ортосунда чыр чыкты. Тартип сакчылар чогулгандарды таратуу үчүн алардын авто унааларынын номурларын чечип алышкан. Бул маалда эл полицияга чабуул жасап, номурларын кайтарып алышты.

Түркмөнстан 2011-жылы Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун “Чылымга каршы күрөшүү” конвенциясына кол койгон. Ошондон бери ар кыл чектөөлөр киргизилип келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: