Menu

“Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылы Абдил Сегизбаев менен Илим Карыпбековдун отставкасын талап кылышты

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-декабрда Бишкектин “Достук” мейманканасынын жыйындар залында “Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылы өзүнүн биринчи жыйынын өткөрдү. Жыйынга 70тен ашык жарандык коомдун, саясый партиялардын, эл аралык уюмдардын жана ММК өкүлдөрү катышты.

Жыйындын катышуучулары 11-декабрда болуп өткөн Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жана Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумдун жыйынтыктарын талкуулап, эбегейсиз мыйзам бузууларды белгилешти. Жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр актыларга жана далилдерге шилтеме берүү менен ондогон мыйзам фактыларын ортого салышты.

“Мындай легитимсиз жана мыйзамсыз референдум Кыргызстандын жаңы тарыхында болгон эмес. Бир эле шайлоочулардын өздүгүн аныктоочу биометрикалык аппараттын иштебей калышынан 100 миңдеген шайлоочу добуш бере албай калышты. Ал эми Тайырбек Сарпашев 3 миң эле киши дегени карандай калп. Анда ар бир шайлоо участогунан 1ден эле киши добуш бере албай калат эле. А биз көрүп жаттык ар бир шайлоо участогунан ондон, атүгүл жүздөн киши добуш бере албай жатышты. Мындай мыйзам бузуулар ондоп саналат. Биз бул референдумдун жыйынтыгын тааныбашыбыз керек!”- деди депутат Өмүрбек Текебаев.

Жыйындын катышуучулары резолюция кабыл алышып, анда 11-декабрда болуп өткөн референдумдун жыйынтыктарын тааныбай турушкандыгын билдиришти. Бийликке КТРК аркылуу кыргыз жарандарын бири-бирине тукуруу саясатын токтотууну, КТРКнын гендиректору Илим Карыпбековду кызматтан кетирүүнү, УКМКнын жарандардын артынан аңдууну токтотуусун жана УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди отставкага кетирүүнү жана башка бир нече талаптарды коюшту.

(Резолюциянын тексти өз алдынча жарыяланат)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: