Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Баукаевдин ишине байланыштуу КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратты.
Соттун өкүмү менен Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды. Алар:
-II даражадагы “Манас” ордени (мамлекет башчынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы жарлыгы менен сыйланган);
– “Данакер” ордени (2017-жылдын 27-ноябрында сыйланган);
– “Даңк” медалы (1999-жылдын 22-апрелинде ыйгарылган);
— Номиналдык саат (2011-жылдын 29-ноябрында тартууланган).
Мындан тышкары, Алмазбек Атамбаевдин мүлкү конфискацияланат. Алар:
– 2000-жылы чыккан Toyota Land Cruiser автоунаасы;
– “Mitsubishi Pajero” унаасы (1997-жылы чыккан);
– “Toyota Land Cruiser” автоунаасы (1998-ж.);
– “MAN” автоунаасы (1993-ж.) ;
– BMW X-53 үлгүсүндөгү унаа (2011-ж.);
– Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылындагы жер тилкеси;
– Ысык-Көл районундагы курорттук кварталдагы жер тилкеси;
– Аламүдүн районунун Арашан айылындагы жайыт;
– Аламүдүн районунун Арашан айылындагы жер тилкеси;
– Кой-Таш айылындагы көп жылдык бак-дарактар;
– Кой-Таш айылындагы жер тилкеси;
– Кой-Таш айылындагы ден-соолукту чыңдоо борбору;
– Арашан айылындагы турак үйү;
– Арашан айылындагы көп жылдык бак-дарактар;
– “Медиа Форум” ААК;
– Бишкектеги эки жер участогу;
– Бишкектеги 7-апрель көчөсүндөгү көчөсүндөгү турак жай эмес имарат;
– “Форум” илимий-өндүрүштүк компаниясы;
– Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы курулуп бүтө элек объект;
– Ысык-Көл облусундагы курулуп бүтө элек объект;
– Ысык-Көл районундагы жер тилке;
Юридикалык уюмдар:
– “Апрель ТВ” ЖЧКсы;
– “Апрель” ЖЧКсы;
– “Канал Ди” ЖЧКсы;
– “Кыргызавтомаш” ишканалар ассоциациясы;
Банктардагы эсептери: “Кыргызкоммерцбанк” ААК, “Коммерциялык банк Кыргызстан” ААК, “Оптима Банк” ААК, “Кыргыз-Швейцария банкы” ЖАК, “Капитал Банк” ААК, “Аманбанк” ААК, “Толубай” ЖАК, “РСК Банк” ААК, “Демир кыргыз интернэшнл банк” ЖАК, “БТА Банк” ЖАК, “Дос-Кредобанк” ААК, “ЭкоИсламикБанк” ЖАК, “Евразия аманат банкы” ААК, “Азия банкы” ЖАК, “Бакай Банк” ААК, “Халык Банк Кыргызстан” ААК, “Пакистандын улуттук банкынын Бишкектеги филиалы, “Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы” ЖАК, “ФинансКредитБанк” ААК, “Айыл Банк” ААК, “Росинбанк” ААК, “Бай-Түшүм” банкы ААК, “ФИНКА Банк” ЖАК, “Чанг Ан Банк” ААК, “Компаньон банкы” ЖАК.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ