Menu

Рахмон: Тажикстан жакынкы 3 жылда энергетикалык көз карандысыздыкка жетет

Бөлүшүү:

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон парламентке жасаган кайрылуусунда жакынкы үч жыл ичинде өлкө энергетикалык коопсуздукка жетерин билдирди.

Мамлекет башчы өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Рогун ГЭСинин курулушуна жалпысынан 12 миллиард сомони жумшалып, ага быйыл эле 2 миллиард 16 млн сомони бөлүнгөнүн айтты. «2018-жылы гидротүйүндүн биринчи агрегаты пайдаланууга берилип, кийинки жылы энергетикалык көз карандысыздыкка жетебиз», – деди ал.

Ошондой эле Рахмон келерки жылы өлкөдөгү Нурек жана Кайраккум ири ГЭСтерин модернизациялоого бюджетте 3 млрд 650 млн сомони каралганын белгиледи.

Жыл сайын кышында Тажикстан 2,5 млрд киловатт саат электр энергиясына муктаж болуп, октябрдан майга чейин өлкөнүн бардык аймактарына чектөөлөр киргизилет. Бул көйгөй өзгөчө алыскы тоолуу райондордо курч, анда жашоочуларга бир канча күн электр жарыгы берилбей калган учурлар болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: